Биз менен байланышыңыз

Балдарга 6500 сомдон жөлөк пул берүү мыйзам долбоору сунушталды

Саясат | 2 Июн 2023 | 644 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаров жөлөк пулдун жаңы ченемин киргизген мыйзам долбоорун сунуштады. Ал 31-майда Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам долбоор «Айылдыктарга көмөк» деп аталып, анда жөлөк пул үй-бүлөлөрдүн социалдык абалына карабастан баарына бирдей берилиши, өлчөмү жашоо минимумунан кем болбошу керектиги жазылган. Айрыкча чек ара аймактарын, алыскы тоолуу аймактарды жердеген 14 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү бөлүп кароо сунушталган. Мыйзам долбооруна алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров жаңы «Айылдыктарга көмөк» деп аталган жөлөк пул киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Аталган мыйзам долбоору 31-майда Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Ал Конституциянын 44-беренесине негизделген. Анткени анда пенсия, социалдык жөлөк пул жана башка мамлекеттик көмөктөр Башмыйзамда көрсөтүлгөн жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес деңгээлде болушу керектиги белгиленген.

Мыйзам долбооруна ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөк пулу үй-бүлөнүн мал-жаны, жер тилкеси, техникасы бар экенине карабастан берилүүгө тийиш.

Ошондой эле мыйзам долбоору өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында жана бийик тоолуу аймактарда жашаган, 14 жашка чейинки балдары бар жарандарды колдоо, өсүп келе жаткан жаш муундун келечегине кам көрүү, ошондой эле аталган аймактарда туруктуу жашоого, тышкы жана ички миграциянын деңгээлин төмөндөтүүгө шарт түзүү менен алардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууну көздөйт.

Мыйзам долбоору тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын катчысы Салтанат Бараканова буларга токтолду.

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамында белгиленген 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө «үй-бүлөгө көмөк» ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик жөлөк пулу Конституцияда белгиленген «жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес деңгээлди камсыз кылат» деген ченемге жооп бербейт. Бул ченем 82,35%га аткарылбай келет (бүгүнкү күнү «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөк пулунун өлчөмү орто эсеп менен 1200 сом болсо, жашоо минимумдун орточо өлчөмү балдар үчүн 6 415,63 сомду түзөт). «Айылдыктарга көмөк» ар айлык жөлөк пулу 14 жашка чейинки балдарды тарбиялаган өзгөчө статуска ээ аймактардагы жана бийик тоолуу, барууга кыйын айыл-кыштактарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) алардын социалдык экономикалык абалына карабастан, белгиленген жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдө ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик жөлөк пул дайындоо менен толукталууда».

Кыргызстанда өзгөчө катаал шартта, барууга алыс жана тоолуу делген 1000ге жакын айыл болуп, аталган аймактарда 1 млн 200 миң калк жашайт. Бирок алардын канчасын 14 жашка чейинки балдар түзөрү боюнча так маалымат жок.

Экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн, балдардын санын так аныктап чыгып, андан кийин туура эмес тарапка багытталып жаткан каражаттарды балдарга жумшаса туура болот деген ойдо.

«Бул жерде эсептөө керек. Мисалга алганда, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрбөдүкпү. Ошолорду канча пайызга көтөрдүк? Инфляция менен дал келип көтөрдүкпү? Ашыкча көтөргөн жокпузбу? Ошол эле кезде пенсионер жана жөлөк пул алуучулардын акчасы ошол жакка кетип калган жокпу? Ошонун баарын салыштырып, анан кийин гана чечим кабыл алуу керек. Өткөн жылы «Кыргыз көчмөндөр холдингин» ачабыз деп, 1 млрд сом кетип калды. Мына азыр Туризмди колдоо фонду боюнча, «Кыргызиндустрия» боюнча суроолор көп. Мүмкүн ошол акчаларды балдарга багыттаса туура болмок».

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул жылдын биринчи кварталында жашоо минимумдун орточо өлчөмү 7 501,97 сом, ал эми балдар үчүн 6415,63 сомду түзгөн. Ал эми учурда жөлөк пул 1200 сомдон берилет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы 547 миң 600 жаран, анын ичинен 16 жашка чейинки 339 миң 100 бала жөлөк пул алган. Мамлекеттик жөлөк пулдун бардык түрүндөгү алуучуларга жумшалганда, ал бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 3,76%ын түзгөн.

Экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров бул мыйзам конституциялык ченемди ишке ашырууну максат кылганы менен кабыл алган күндө да, факты түрүндө иштебесин айтат. Анын пикиринде, бюджет тартыш болгондуктан, муну ишке ашырууда каржылык түзүм бузулуп кетиши мүмкүн.

«Балдардын жөлөк пулун көтөрүү кыйын. Азыр 1000 сомдун айланасында жөлөк пул алышат. Аны көтөрүү үчүн экономикалык тез өсүү болушу керек. Ички дүң продукциялар, реалдуу экономика өсүшү керек. «Конституцияда, Балдар кодексинде жазылып калгандыктан, көтөрүшүбүз шарт» деп эле көтөрө албайбыз. Анткени бюджеттик структура бузулуп калышы мүмкүн. Бизде бюджет өзү тартыш болгондуктан, кандай кылса да, эмне кылса да, факты түрүндө бул мыйзам  иштебейт».

Мыйзам долбоору кабыл алынса, Министрлер кабинети өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын 2024-жылдын 1-июнуна чейин ушуга ылайык келтириши керек болот да, көрсөтүлгөн мөөнөттөн баштап төлөп берүүгө милдеттүү болот.

Copyright © 2017 Maral FM