Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу өткөрдү.
Президенттер кыргыз-тажик кызматташтыгы, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулганы кабарланды. Коңшулук байланыштарды сактоонун, бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» экинчи саммити өтөт.
Эртең, 3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин расмий сапары ишке ашат.