Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Жапониянын JICA агенттигинин өкүлдөрү менен жолукту. Тараптар экономика, айыл чарба, социалдык тармактарда кызматташууну улантуу пландарын талкуулашты.
JICA агенттигинин «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында 2023-жыл ичинде 42 продукция чыгаруу пландаштырылды. Бул азыктар экологиялык жактан таза, уникалдуу болушу керек.
Былтыр аталган долбоор алкагында өндүрүлгөн 8 азыктын түрүнө облуста түзүлгөн бренд комитет тарабынан сертификат тапшырылган.
«Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында, тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана косметикалык буюмдарды өндүрүү технологиялары өндүрүүчүлөргө үйрөтүлүп, аларга бизнес жөнүндө кеп-кеңеш берилип, товарларды сатууга жардам берүү иштери уюштурулуп келет.
Учурда Баткен облусунда «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун 24 өндүрүүчүсү бар жана алар продукциянын 44 түрүн өндүрүп, сатыкка чыгарышты.
Алар: кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, өрүктөн сироп, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад, токочтор.
Баткен бренди болгон күрүч жана килем боюнча да маркетинг чаралары жүрүп жатат.