Биз менен байланышыңыз

Укук коргоочулар Шарль Мишелди адам укуктары маселесин көтөрүүгө чакырышты

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 358 | 0

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел Кыргызстанга келди. Ал бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышат.

Ошондой эле, 3-июнда Шарль Мишелдин Кыргызстанда расмий сапары ишке ашат.

Европа кеңешинин төрагасы Кыргызстанга келерден мурун бир катар укук коргоочу уюм аны аймактагы адам укуктарынын абалын талкуулоого чакырышкан.

Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросу, Кыргызстандын «Лигал просперити» фонду, Түркмөнстандын Адам укуктары боюнча демилгеси жана Франциянын «Борбор Азиядагы адам укуктары» ассоциациясы кол койду.

Укук коргоочулар былтыр болгон саясий кризистер маалында адам укуктарын бузууга жеткиргендерди жоопко тартуу керектигин белгилешти. Кайрылуунун авторлору Казакстан, Тоолуу Бадахшан жана Каракалпакстанда бийлик массалык нааразылык акцияларын күч менен басканын кеп кылышты. Алардын айтымында, үч мамлекеттин бийлиги ошол окуяларды жакшылап, көз карандысыз иликтебей жатышат.

Муну менен катар Шарль Мишелди бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектөөгө багытталган демилгелерге, анын ичинде Кыргызстандын депутаттары сунуш кылган мыйзам долбооруна тынчсыздануу билдирүүгө чакырышты.

Кайрылууда аймактагы өкмөттөр куугунтуктаган укук коргоочулар, активисттер, журналисттер менен блогерлердин ысымдары да аталган. Тизмеде Кыргызстандан укук коргоочу Рита Карасартова, иликтөөчү журналист Болот Темиров бар.

Copyright © 2017 Maral FM