Биз менен байланышыңыз

Жакынкы 5 жылда Күн рекорддук даражада ысышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 296 | 0

2023-жылдан 2027-жылга чейинки болжолдуу аба ырайы, буга чейин эң ысык деп эсептелген 2016-жылдагыдан да жогору болушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк метеорология уюму билдирди.

Окумуштуулардын айтымында, алдыдагы 5 жылда дүйнөдөгү аба ырайы индустриалдашуу заманына салыштырмалуу дагы 1,5°Cге көбүрөөк болгон жаңы рекорддук чекке жетиши мүмкүн.

«Мындай божомолго Тынч океанындагы экваториалдык аба ырайына таасир этүүчү суунун сыртындагы температуранын термелүүсү негиз болууда. Океандын сыртында ысыган суулар Чыгышты көздөй жылып жатат», — деп жазат Reuters.

Дүйнөлүк метеорология уюмунун башкатчысы, профессор Петтери Тааластын айтымында, бул божомол абанын табы сөзсүз 1,5°Cге жогорулайт дегенди билдирбейт. Бирок, бул белгиленген чекке өтө тез жетиши мүмкүндүгүн эскертет. Глобалдык ысуу буга чейин индустриалдашуу заманынан бери +1,28°Cге чейин жеткен.

Ал эми Дүйнөлүк метеорология уюмунун окумуштуулары алдыдагы 2023–2027 жылдар аралыгындагы жылдардын биринде абанын табы 1,5°C даражага ашып кетиши мүмкүндүгүн 66% деп баалап жатат.

Глобалдык ысуу дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөргө терс таасирин берет. Айрыкча кооптуу делген Түштүк Азия тарапта көп көйгөйлөр чыгышы мүмкүн. Окумуштуулар абанын табы барган сайын көтөрүлө берсе, айыл чарбасы катуу зыянга учурарын эскертип келет.

Ал эми Борбор Азияда да жакынкы жылдары кургакчылык кооптуулугу пайда болгону айтылып келет.

Өзбекстандагы кургакчылык: мүнөт сайын 9 чарчы метр жер чөлгө айланууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM