Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандагы кургакчылык: мүнөт сайын 9 чарчы метр жер чөлгө айланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 3312 | 0

Өзбекстанда мүнөт сайын 9 чарчы метр жер чөлгө айланууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун директору, география илиминин доктору Вахаб Рафиков билдирген.

Кун.уз басылмасы жарыялаган макалада Өзбекстанда кургакчылыктан чөлгө айланган учурлар соңку жылдары көп катталууда. Бул өлкөдөгү чөлгө айлануу жараянын изилдөө өткөн кылымдын 60-жылдарында башталган.

Адистин айтымында, Өзбекстан азыркы климаттык шартында мөмө-жемиштин 80дей түрүн өстүрүп, 180ге жакын өлкөгө экспорттоп жатат. Эгер чөлгө айланып бараткан аймактарга чара көрүлбөсө 2030-40-жылдарга барып, өлкөнүн экспорттук потенциалы кескин кыскарып кетиши мүмкүн.

«Азыр Өзбекстандын түштүк, чыгыш жана түндүк тараптарында кургакчылык жылдан жылга көп катталууда. Батыш тараптагы облустарга да бул кургакчылык тез жайылууда.

Карначул, Мирзачул, Шеробод, Далварзи, Каракалпак чөлдөрүнүн аянты да жыл санап өсүүдө. Аталган чөлдөрдүн катарына эң жаш чөл деп аталган Оролкум да кошулду. Оролкум азыр 60 жашка толду, бул дүйнөдөгү эң жаш чөлдөрдүн бири десек да болот.

Оролкум чөлү Түркмөнстандын Каракум чөлү менен Өзбекстандагы Кызылкумдун аймагын бириктирип койду. Мурун бул эки чөлдүн ортосунан Амударыя агып өтүп турган», — деп кошумчалаган Рафиков.

Окумуштуунун айтымында, Арал деңизинен асманга көтөрүлгөн чаң туз 300-400 км радиустагы айланага жаап жатат. Бул экологиялык катастрофа бир гана Өзбекстандын эмес, Түркмөнстан менен Казакстандын аймактарына да терс таасирин тийгизүүдө.

 

2015-жылдагы Өзбекстан аймагынын чөлгө айланып бараткан участокторунун картасы 
Чөлгө айлануу боюнча Өзбекстандын 2030–2040-жылдарга карата божомолу (прогноз).
Чөлгө айлануу даражасын аныктоочу белгилер
Вахаб Рафиков

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM