Биз менен байланышыңыз

Орусиянын программасы менен окуткан тогуз мектеп курулат

Коом , Саясат | 1 Июн 2023 | 487 | 0

Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында «2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-орус өкмөтүнүн ортосундагы орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үч окууда бир кабыл алынды. Долбоордун негизинде 1224 орунга ылайыкташтырылган тогуз мектеп курулат. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Орусия Кыргызстанга окутуусу орус тилинде жүргүзүлгөн тогуз орто мектеп салат. Алардын үчөөнүн курулушу ушул жылы башталып, 2025-жылы пайдаланууга берилет.

Келишим тууралуу Жогорку Кеңеште баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков белгилегендей, Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында бир стандарттагы мектептер курулуп, Кыргызстандын жана Орусиянын мамлекеттик стандарттарына ылайык билим берилет.

«Жалпы билим берүү уюмдарында акысыз негизде окутуу болот. Мектептерге Орусия менен Кыргызстандын жарандарынын балдары кабыл алынат. Ошондой эле майып балдарга билим берүү каралган. Орусиянын белгилеген критерийлерине ылайык, Кыргызстандын бардык облустарында жер тилкелери аныкталып, бекер бөлүнүп берилген. Мектептер салынгандан кийин Кыргызстандын балансына өтөт. Ар бир мектеп болжолдуу 500 млн рублга курулат».

Талкуу маалында депутат Бактыбек Чойбеков демилгени колдоп, келишим билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана өлкөбүздүн маданий, тилдик көп түрдүүлүгүн байытууга маанилүү кадам экенин белгиледи. Муну менен катар ал мектептердин курулушу Орусия менен маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошорун айтышты.

«Учурда Кыргызстан боюнча мектептер жетишсиз болуп жатат. Ошого ар бир аймакта заманбап ушундай чоң мектептердин салынышы ар бирибизди кубандырат».

Уланбек Усеков билдиргендей, мектеп жетекчилерин Орусия дайындайт, ал эми окутуучулардын 50%ы Орусиядан, 50%ы Кыргызстандан келет.

«Кол коюлган келишимге ылайык, мектептердин администрация жетекчилигин Орусия дайындайт. Орусиядан келген мугалимдерди турак жай менен Орус Өкмөтү камсыздайт. Ал эми мугалимдердин айлыгы Орусиядагы мугалимдердин айлыгына теңделет. Орусиядан келген мугалимдердин айлыгын да Орусия өзү берет».

Мындан тышкары депутаттар долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүнө кызыгышты. Министрдин орун басары быйыл Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында бирден мектеп куруу пландалып жатканын билдирди.

«Быйыл үч мектеп: Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында курулат. Долбоорду ишке ашырууда мындан аркы аракеттер биргелешкен комиссия тарабынан аныкталып, кийинки этапта дагы үч мектеп курулат».

Депутат Кундузбек Сулайманов аталган мектептерге кыргыз тилин жана кыргыз тилиндеги сабактардын программасын азыртадан даярдап, тил маселесине өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертти.

«Жакында эле «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам кабыл алдык. Келечекте маселе жаралбашы үчүн кандай сабактарды киргизесиңер, азыр аныктап алышыңар керек. Бизде «бекер мектеп салып беребиз» десе эле, ошого сүйүнгөн бойдон кетип, көп нерселерге көңүл бурулбай калат. Кыргыз тилин унутпашыңар керек».

Буга чейин тышкы иштер министри Жээнбек Кулбаев Президент Садыр Жапаровдун 8-9-майда Орусияга жасаган расмий сапары тууралуу берген маегинде Орусия орус тилин өнүктүрүү максатында мектептерди куруп жатканын жана сабактар Орусиянын программасы менен өтө турганын белгилеген.

«Орусия Кыргызстанга орус тилинде окуткан тогуз мектеп куруп берет. Ал жакта сабактар Орусиянын программасы менен өткөрүлөт. Анткени Орусия тарап «орус тилин өнүктүргөнгө жардам берели» деп жатышат». 

Аталган билим берүү жайларынын бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү аттестат: Кыргызстан менен Орусиянын аттестаттарын алышат. Заманбап мектептер төрт корпустан турат: административдик, спорттук, башталгыч класстар үчүн жана өзүнчө жогорку класстар үчүн. Ар бир мектептин курлушу үчүн 3 гектардан кем эмес жер бөлүп берүү талабы коюлган. Окуу комплекси заманбап техника менен жабдылып, оюн аянтчасы, бассейндер жана спорт залдары болот.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору үч окууда бир кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM