Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө сарык оорусуна чалдыккандар эки эсе көбөйдү

Ден соолук , Коом | 1 Июн 2023 | 1773 | 0

Өлкөдө сарыкка чалдыккандар көбөйүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, быйыл төрт айда 4 миңге жакын В гепатити менен, 3 миңге жакын С гепатити менен ооруган бейтап аныкталды. Сарык оорусунун бул түрлөрү менен ооругандар эки эсе өстү. Министрлик билдиргендей, эми ар бир жаран сарыкка каршы акысыз вакцина алып, бекер текшерүүдөн өтсө болот. Текшерүүнүн жыйынтыгында аныктала турган 5 миң бейтаптын дарылануусуна акча бөлүндү. Акысыз дарылана тургандардын тизмесинде беш категориядагы жарандар бар. Алар кимдер?

Кыргызстанда сарык менен ооругандар арбып жатканын айтып, дарыгерлер коңгуроо кагууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык вирустук гепатит жана ВИЧке каршы күрөшүү борборунун директору Үмүткан Чокморова акысыз текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн бери кайрылгандар көбөйүп, натыйжада оорулуулардын да аныкталуусу жогорулаганын белгиледи.

Чокморованын айтымында, жарандардын көпчүлүгү сарыкка кабылганын билбей жүрүшкөн.

«Биз мынчалык сарык менен ооругандар бар экенин болжолдогон эмеспиз. Вирустук гепатитке бекер анализ тапшыра баштагандан кийин көптөгөн бейтап бар экенин аныктадык. Биз буга чейин гепатиттин С түрү менен ооругандардан 2 миң адамга, В түрү менен ооругандардан 3 миң адамга ылайыктап дарыларды алганбыз. Бирок бүгүнкү күндө гепатитке каршы вакцина берүүнүн алдыда тест жүргүзүп жатабыз. Ошол тесттин негизинде да оорулуулар көп аныкталып жатат. Бекер болгондуктан келип текшерилгендер көп болууда. Төрт айдагы статистика жогоруда айтылган сандан көп болуп жатат».

Борбордун директору Чокморова кайсы бейтаптар акысыз дарыланарын айтып берди.

«Сарык оорусуна анализ тапшырууну каалагандар үй-бүлөлүк дарыгер борборлоруна кайрылышы керек. Боордун циррозу менен ооругандар, оорунун оор түрлөрү менен жабыркагандар, кош бойлуу аялдар, майыптар, андан сырткары рак менен ооругандар, ВИЧ-инфекциясы бар адамдар, кант диабети менен ооруган адамдар сыяктуу оор кошумча оорулары бар бейтаптар тез арада акысыз дарылана алышат. Бизде дары-дармек чектелүү болгондуктан, калган бейтаптар кезекке туруп, Саламаттык сактоо министрлигинен уруксат алгандан кийин дарылана алышат. Саламаттык сактоо министрлиги акча бөлүп берсе, бекер дарылайбыз».

Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча Бишкек шаардык борборунун директору Аида Карагулова өлкө боюнча сарык оорусуна каршы эмдөөдөн өтүү акысыз жүрүп жатканын белгиледи.

Ал жарандарды ооруга чалдыкпоо үчүн сөзсүз вакцина алууга чакырды.

«Аймактардан Бишкек шаарына келгендер көп. «Каттоом айылда, бул жактан алалбайм» деген шылтоолор болбошу керек. Бишкекте жашаган жериңиздеги эле поликлиникага катталып, ошол жактан бекер вакцина алсаңыз болот. Ал эми каттоого туруу үчүн кошумча документтер талап кылынбайт. Жарандыгын тастыктаган документ жетиштүү. Сөзсүз катталып, эмдөөдөн толук өтүү керек».

Министрликтин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Анара Мамбетисаева адам сарыкка чалдыкканын билбей да калышы мүмкүн экенин белгиледи.

Ал аталган оору адам өмүрү үчүн канчалык кооптуу экенин айтып берди.

Ошондой эле адис ооруну сулуулук салондо да жуктуруп алууга мүмкүн экенин кошумчалады.

«Гепатиттин В жана С түрлөрү үч айдан алты айга чейин эч кандай белги бербеши ыктымал. Бул вирустан жана адамдын иммунитетинен көз каранды. Эгер организмге вирус көп кирсе, 40 күндөн кийин эле өзгөрүү болгонун байкоого болот. Гепатиттин белгилери: дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, саргайып кетүү жана денеге бүдүр чыгып кетиши. Сарык боордун циррозуна кептеши мүмкүн, анда орган бара-бара өз функциясын аткара албай калат. Гепатит — белгилери башка дартка окшошо бергени менен да кооптуу. Мындан улам адам тез-тезден текшерилип турушу керек».

Кыргызстанда сарык оорусуна каршы эмдөө 2022-жылдын декабрында башталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө вирустук гепатитке акысыз текшерүү жүргүзүлүүдө. Каалоочулар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрыла алышат.

Copyright © 2017 Maral FM