Биз менен байланышыңыз

Акаев: Конституциялык сот Жогорку Кеңеш үчүн кооптуу чечим чыгарды

Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 484 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев депутаттарга кылмыш ишин козгоо үчүн да парламенттин макулдугу керек экендигин белгиледи.

Анын айтымында, депутат кылмыш үстүнөн кармалганда гана макулдук суралбайт, калган бардык учурда жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Бул Башмыйзамда да, парламенттин регламентинде да так жазылган.

«23-майда Конституциялык сот Жогорку Кеңеш үчүн абдан кооптуу чечим чыгарды. Анда «мындан ары Жогорку Кеңештин депутатына алардын макулдугу жок деле кылмыш ишин козгосо болот» дейт. Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамда да, Конституцияда да «депутаттардын көпчүлүгүнүн маккулдугу менен гана жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет» деп турат. Самаков Төлөндү Калыгулович деген бир жаран Конституциялык сотко «бардык жаран бирдей, депутаттар да Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле жоопкерчиликке тартылышы керек» деп кайрылыптыр. Аны биздин Министрлер кабинети туура көрүптүр, андан кийин Конституциялык сот ушундай чечим чыгарыптыр», — деди Акаев.

Ошондой эле Акаев жалпы депутаттарды чечимге көңүл бурууга чакырып, Башмыйзамды ар түрдүүчө өзгөртүп жатканы үчүн Конституциялык соттун төрагасы кызматынан кетиши керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM