Биз менен байланышыңыз

Президент: Мамлекет балдарды социалдык коргоого аракет көрүп жатат

Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 243 | 0
Баткен, Ак-Сай.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Ал өлкөнүн Баш мыйзамында балдар эң баалуу байлык деп белгиленгенин айтты. Мамлекет балдардын руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө жана ден соолугу чың болуп жетилишине өбөлгө болуучу шарттарды түзүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

Кыргызстанда балдардын 76%ы бала бакчага барбайт

Президенттин айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан балдардын ден соолугуна кам көрүүгө, социалдык жактан коргоого, рухий баалуулуктардын таасиринде тарбиялоого, заманбап билим берүүгө болгон аракеттер көрүлүп жатат.

«Себеби, ар бир үй-бүлөнүн да, өлкөбүздүн да ийгилиги менен жетишкендиги таалим-тарбия көргөн, сапаттуу билим алган, ден соолугу чың балдардын колунда экенин жакшы билебиз. Ошону менен бирге, бардык ата-энелерди балдарга мээрим төгүп, камкор мамиле кылууга чакырам» , — деди Садыр Жапаров.

Балдарды коргоо күнү дүйнө өлкөлөрүндө 1995-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн — балдардын укугун, саламаттыгын, жашоосун коргоо керек экенин эскертет.

Кыргызстанда 2022-жылы болгон эл каттоонун жыйынтыгында 18 жашка чейинки 2 млн 634 миң бала жашаганы аныкталган. Анын 51 пайызы эркек балдар.

Өлкөдөгү жалпы балдардын 43 пайызы 7 жашка чейинки балдар, 44 пайызы 7-14 жаштагылар, 13 пайызы 15-17 жаштагы өспүрүм курактагылар.

Балдардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 71 пайызы айылда жашайт.

2022-23-окуу жылына карата өлкөдө 2350 күндүзгү билим берүү мекемелери иштейт, аларда 1 млн 448 миң бала окуйт.

Абактагы аял: Балдарым бул жакта экенимди билишпейт…

Copyright © 2017 Maral FM