Биз менен байланышыңыз

Абактагы аял: Балдарым бул жакта экенимди билишпейт…

Коом | 31 мая 2023 | 494 | 0

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата №2 түзөтүү мекемесиндеги аялдар балдары менен жолугушту. Кездешүүнү түзөтүү мекемесинин жетекчилиги менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ардагерлери уюштурган. Бүгүнкү күндө темир тор артында 300дөн ашуу кыз-келин бар. Иш-чаранын жүрүшүндө концерт тартууланып, балдарга атайын белектер берилди. 

Көздөрүнө жаш алып, баласын күткөн апалар, апаларын көрүүгө шашып келген балдар. Степное айылындагы №2 түзөтүү абагында 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата абактагы аялдар балдары менен жолугушту. Саамалыкты мекеменин жетекчилиги менен ардагерлер кеңеши уюштурган.

Белгилүү себептерден улам биз менен маектешкен апалардын аттарын жазган жокпуз.

«Мен 130-берене менен 15 жылга соттолгом. Өзүм балдар үйүндө чоңойгом, балам да бул жерде төрөлүп, үч жашка чейин менин менен бирге болду. Учурда балдар үйүндө тарбияланып жатат. Бул жердеги кызматкерлерге ыраазычылык билдирем, анткени кызматкерлердин жардамы менен балам ушул жерде чоңойду. Азыр алар мага баламды алып келип көрсөтүп турушат. Мен балам үчүн жашап келем. Бул жерде иштесе да болот, иштегенге, эс алганга бардык шарт түзүлгөн».

Бул каарманыбыз — үч баланын энеси. Ал кичине баласы жанында экенин, калгандары бул жакта отурганын билишпесин, балдарына сагынычы күчөп жатканын айтып, эне-бала эч качан ажырабасын деген тилегин билдирди.

«Энеде атага караганда балдарга болгон мээрим, сагынуу, кусалык сезими күчтүү болот экен. Ошол үчүн балаң канча жашта болбосун, баары бир эне үчүн бала бойдон калып, аны сагынат экенсиң. Албетте, бул жерде отурган аябай оор, бул жерде экениңди балдарыңа, туугандарыңа айткың келбейт, көрсөткүң келбейт. Ар бир энеге каалаарым, балдарынан ажыратпасын!»

Бүгүнкү күндө аялдардын түзөтүү абагында 300дөн ашуун кыз-келин ар кандай беренелердин негизинде жазасын өтөп жатат. Айрымдары ал жердеги чакан ишканаларда эмгектенип акча табышат, кээ бири үй-бүлөсүнө каржылык жактан да жардам беришет. №2 түзөтүү мекемесинин жетекчиси Кубан Абдыкеримов абактагы шарттарга токтолду.

«Абактагы аялдар үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн бардык шарт түзүлгөн. Бизде тигүү цехи, фабрика, нан жапкан цех жана башка кичи ишканалар бар. Бул жерде отурган аялдардын 70%ы иштейт. Алар бул жерде иштеп, айлыгына керектүү буюмдарын алышат. Үй-бүлөсүнө жөнөткөндөр да бар».

Апалар менен балдардын жолугушуусу концерттик программа менен коштолуп, балдарга ар кандай белектер берилди. Мекеме жетекчилеринин айтымында, саамалык биринчи жолу өтүп жатат. Мындан ары жыл сайын уюштуруу чечимин кабыл алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM