Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда балдардын 76%ы бала бакчага барбайт

Билим-маданият | 24 Апр 2023 | 782 | 0

Кыргызстанда балдардын 76%ы бала бакчага барбайт. Бул тууралуу президенттин балдар укугу боюнча өкүлү Асел Чынбаева маалымдады. Статистикага ылайык, дээрлик 1 млн 200 миң мектепке чейинки курактагы бала бар, анын 24%ы же 200 миңден ашыгы гана бакчага барат. Ал эми 76%ы же 900 миңге үйдө болот. Чынбаева бакчага барбаган балдар өнүгүүдө артта калып жатканын, бул алардын келечегине таасирин тийгизерин белгиледи. Муну менен катар адистер балдардын мектепке чейинки билим алуусун маанилүү деп эсептешет. Ал эми мамлекет бала бакчалардын санын көбөйтүү максатында кандай иштерди аткарууда? 

Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү уюмдары жетишсиз болгондуктан, балдардын 76%ы бала бакчага барбайт.

Президенттин балдар укугу боюнча өкүлү Асел Чынбаева өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздигин жоюу максатында кандай иштер аткарылып жатканын айтып берди.

«Бул — алардын укугу. Бирок биз азыр колдо бар мүмкүнчүлүк менен алардын баарына бакчага баруу шартын түзүп бере албайбыз. Инфраструктуралык жактан камсыздоо аркылуу эле маселе чечилип калбайт. Ошол себептүү Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май райондорунда бул багытта пилоттук долбоорду баштап жатабыз. Март айында башталган «Өкмөттүк акселераторлор» долбоорунун алкагында каалаган жарандар мектепке чейинки билим берүү боюнча кызмат көрсөтө алат. Бул үчүн лицензиянын, чоң имараттын болушу талап кылынбайт. Каалоочулар өзүнүн үйүндө 25 балага чейин, ал эми көп кабаттуу турак жайдын биринчи кабатындагы батирде 10го чейин баланы карап бере алат».

Чынбаева бул боюнча өткөн аптада арыздар кабыл алына баштаганын, алар алгач окутуудан өтүп, сертификат алышы керектигин, жеке ишкер катары катталганын Бишкек мэриясына билдириши шарт экенин кошумчалады.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева мэрияга патенттин негизинде бала бакча ачууну каалаган жеке ишкерлерден 107 кайрылуу келип түшкөнүн билдирди.

«Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын март айында ишке киргизилген «Өкмөттүк акселераторлор» методологиясынын негизинде, 100 күндүк реформалоо программасынын алкагында Бишкек мэриясына патенттин негизинде бала бакча ачууну каалаган жеке ишкерлерден 107 кайрылуу келип түшкөн. Бала бакча ачууну каалагандарды каттоо ушул жылдын 14-апрелинен тарта Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгында жана райондук администрацияларда жүргүзүлүүдө».

Учурда ошондой эле ишкерлер үчүн райондук администрацияларда ыкчам байланыш телефондору түзүлдү: Биринчи Май району – 0(312) 65-32-02, Ленин району – 0 (312) 65-68-94.

Ал эми билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева бала бакча ачууну каалаган ишкерлер атайын окутуулардан өтөрүн айтты.

Анда бала бакча иштетүү жана баланы өнүктүрүүнүн базалык стандарттары сыяктуу темада окутуулар жүргүзүлөт.

Ашымбаева аталган программанын алкагында өлкөдөгү бала бакчаларды эки эсе көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.

«Бардык мамлекеттик органдар жеке ишкерлерди окутуу процессине катышат. Биринчи күнү Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө, мамлекеттик стандарттары, талаптары окутулат. Мындан сырткары кийинки күндөрү бала бакча ачуу процесстерин жөнөкөйлөтүү, бюрократиялык системаны жоюу, балдарды багуу жана өнүктүрүү кызматтары кандай көрсөтүү багытындагы окууларды тиешелүү мамлекеттик органдар окутат».

«Өкмөттүк акселераторлор» программасы Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү иштеп чыккан реформанын атайын механизми болуп саналат. Ага ылайык мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек. Бул долбоор 17-мартта башталып, анын биринчи этабында төмөнкү иштерди аткаруу каралган:

Мектепке чейинки билим берүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана бакчага барган балдардын санын көбөйтүү;

Электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;

Экспертизадан, кайра кароодон өтүүнүн, майыптуулук фактысын белгилөөнүн тартибин жөнөкөйлөтүү.

Copyright © 2017 Maral FM