Биз менен байланышыңыз

Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болду

Кыска кабар | 31 мая 2023 | 273 | 0

Бүгүн, 31-майда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Буга чейин Алтынбек Жумаев Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин кеңешчиси болуп иштеген.

2021-жылдын 12-ноябрында Алтынбек Жумаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Ага чейин 7-каналдын директору кызматын аркалаган.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси ага чейин Азимбек Бекназаров болгон. Ал 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен дайындалып, 2022-жылдын 5-августунда азыркы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ишинен бошотулган. Президенттин администрациясы мунун себебин кызматтык милдеттерин так аткара албаганы менен түшүндүргөн.

Андан бери бул милдетти убактылуу Атай Наматбаев аткарып келе жаткан.

Copyright © 2017 Maral FM