Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө күн сайын 14 миңден ашуун адам тамекиден көз жумат

Ден соолук , Коом | 31 мая 2023 | 924 | 0

Бүгүн, 31-май — Бүткүл дүйнөлүк тамеки тартуу менен күрөшүү күнү. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги бир катар иш-чараларды уюштурду. Министрликтин маалыматына караганда, учурда тамеки чегүүгө тыюу салуу максатында атайын мыйзамдар иштелип чыгууда. Ошондой эле тамекинин жаңы түрүнө да мыйзам чегинде чектөөлөр каралууда. Бүгүнкү күндө министрликке караштуу тамеки таштоого жардам көрсөтүү борбору иштеп жатат. Борборго жылына 7,5 миңден 10 миңге чейин жаран кайрылат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан түзүлгөн тамекиге каршы күрөшүү Конвенциясына 154 мамлекет кол койгон. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 2006-жылдын 2-февралында ратификациялаган.

Дүйнө жүзүндө күн сайын 14 миңге жакын адам тамекинин кесепетинен көз жумат. Изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, 2030-жылдан тарта тамеки чегүүдөн пайда болгон өнөкөт оорулар өлүмдүн башкы себеби болуп калышы мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы аймактык директору Шахин Хусейновдун айтымында, 120дан ашык өлкөдө үч млн гектардан ашык жерге тамеки өстүрүлөт. Алардын арасында ачкачылык күч алган, кедей мамлекеттер да бар.

Хусейнов тамеки тарткан эле эмес, аны өстүрүп, терген адамдын да ден соолугуна зыян экенин белгиледи. Ал тамеки өстүрүүнүн ордуна дыйканчылыктын башка түрлөрүн иштетүүнү сунуштайт.

«Тамеки өстүрүү дыйкандардын өзүндө да ооруну пайда кылат. Болжолдуу маалыматка таянсак, дүйнөдө 1 миллиондон ашык өспүрүм тамеки терүү менен алектенип, билим алуу үчүн мектептерге барышпайт. Тамеки өстүрүү — дүйнөлүк деңгээлдеги көйгөй. Буга чейин дүйнөдө атайын изилдөөлөр жүргүзүлүп келген. Акыркы маалыматтарга таянсак, тамеки өстүрүү Африкада күч алууда. Ал жакта 2005-жылдан бери тамеки айдоо аянты дээрлик 20%га көбөйгөн. Тамекинин ордуна жашылча-жемиш өстүрүүнү тандап алып, ден соолукту, экосистемаларды сактоону, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууну биринчи орунга коюу керек».

Кыргызстанда жарандардын ден соолугун тамеки, никотиндин кесепеттеринен жана тамеки түтүнүнүн, аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө мыйзам 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо жана массалык байланыш борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова министрлик дайым тамеки менен күрөшүү чараларын көрүп келерин белгиледи.

Тамеки таштоого жардам көрсөтүү борборуна кайрылгандардын басымдуу бөлүгү: 25 жаштан 36 жашка чейинкилер. Алардын 30 пайызы тамекини ташташат.

«Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын тамекиге каршы күрөшүү иш-чараларын өткөрүп келет. Азыркы күндө тамекинин жаңы түрлөрү пайда болду. Учурда коомдук жайларда тамеки тарткандарга көңүл бурулуп, электрондук тамекилерге көңүл бурулбай жатат. Чоң маркеттерде сатылып жатканда көңүл бурулат. Ал эми кичинекей дүкөндөрдө каралбай жатат, айрыкча аймактарда. Кимдер алары текшерилбей жатат».

Коомдо тамекинин зыяны тууралуу маалыматтар таратылып, мыйзамдар күчүнө кирип жатканы менен эч кандай майнап чыкпай келет. Тескерисинче, акыркы жылдары электрондук тамеки жана ысытылган тамеки заттары сыяктуу жаңы түрлөрү пайда болуп, аларды чеккен жаштар көбөйүүдө.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Назгүл Абамуслимова электрондук тамеки менен кадимки тамекинин зыяны бирдей экенин белгилеп, ден соолукка тийгизген терс таасирлери тууралуу түшүндүрүп берди.

«Электрондук тамеки тартуу — адамдын ден соолугуна зыян. Алар жүрөк оорулары, инсульт, рак, дем алуу органдарынын оорулары жана эрте өлүмдүн негизги факторлору болуп саналат. Кадимки тамекини чекпейбиз деген жаш балдарды электрондук тамеки коопсуз деп алдап келишүүдө. Бирок ар бир электрондук тамекинин ичинде никотин бар. Эгер никотин организмге кирсе, мээнин иштеши бузулат».

Расмий маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзүндө күнүнө 14 миң адам тамекинин кесепетинен көз жумат. Ал эми Кыргызстанда жылына 6 миңден ашык адам тамекиден каза болот.

Буга чейин депутат Эрулан Көкүлов кадимки жана электрондук тамеки тарткандарга 1000 сом айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштап, коомдук талкууга чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM