Бүгүн Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештен макулдук сурады. Төрага Нурланбек Шакиевдин билдирүүсүнө караганда, Мадумаровго «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү» жана «бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» беренелери менен айып коюлган. Регламентке ылайык, сунушту депутаттык комиссия 48 сааттын ичинде иликтеп чыгышы керек. Башкы прокуратура ушуну менен экинчи жолу Мадумаровду жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештен макулдук сурап жатат. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Башкы прокурор Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартууну кайра сунуштады. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренелери (массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү), 36-326-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү) жана 338-берененин 3-бөлүгү (бийлигинен аша чабуу) менен айып коюлган.
Төрага Нурланбек Шакиевдин мындай билдирүүсү депутаттарды таң калтырды. Ал бул маселени кезексиз күн тартибине киргизди.
«Регламент боюнча сунуш келгенден кийин парламент 48 сааттын ичинде карашы керек. Андыктан бул боюнча изилдөөчү комиссия түзүү маселесин кезексиз күн тартибине киргизели».
Айта кетсек, Башкы прокуратура 2022-жылдын февраль айында Адахан Мадумаровду «чыккынчылык» беренеси менен айыптап, жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизген. Депутаттык комиссия ишти бир ай карап чыгып, алардын корутундусунун негизинде парламент 9-мартта башкы прокурордун сунушун четке каккан.
Ошентип парламенттин бүгүнкү жыйынында Башкы прокурордун кайрылуусу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына Карим Ханжеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирди. Алар 48 сааттын ичинде жагдайды иликтеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгышы керек.
Адахан Мадумаров түштөн кийин журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, коюлган айыптар 100% саясий иш экенин айтты. Ошондой эле «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен Кемпир-Абад ишине байланыштуу кылмыш ишин козгоо мүмкүн эместигин белгилеп, бардык бийлик аны менен күрөшүп келгенин кошумчалады.
«Кемпир-Абад маселеси бул бийликтин маңдайына жазылган түбөлүк кылмыш болот. Булар «кылмыш ишин козгосок, унчукпай отуруп калат» деп ойлошкон. Андай эмес, ар адамдын башында — бир жашоо. Мен «колуңардан келгенин жасап алгыла» деп айтам. Керек болсо Күндү батыштан чыгарып алгыла. Менин пикирим кылдай кыйшайбайт. Кемпир-Абад туура эмес чечилген, ал боюнча камалгандардын баары мыйзамсыз отурат. Эртеби-кечпи, мунун акыйкаты чыгат. Бүгүн булар Исхак Раззаковдун, Султан Ибраимовдун, Турдакун Усубалиевдин мезилиндеги окуяларды айтып, ошондо эле чечилип калганын айтышууда. Ал — кызылдай жалган. Эмне үчүн Жогорку Кеңеште ушул маселе каралып жатканда «соңку сөз беребиз» деп, бербей коюшту. Себеби булар ошол документтерден чочулайт. Бул беренени Кемпир-Абад боюнча сөз козгогон канча киши болсо, ошонун баарына тагып койсо боло берет. Бул — ушундай «керемет» берене. Бизде Конституцияда ар бир жаран жеке пикирин эркин жайылтуу укугу жазылган».
Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган. Ага каршы чыккан активист жана блогерлерге «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен иш козгоп, 27 киши камакка алынган. Алардын ичинен он бири ар кандай ооруларга чалдыкканы үчүн жана башка жагдайлардан улам үй камагына чыккан. Учурда он алтысы камакта отурат. Алардын он экисинин үй-мүлкүн камакка алуу аракети көрүлүп жатканы жакында эле маалымдалды.
Мадумаров — бийликке ыңгайсыз фигура, анткени бийликти сындап, парламентте депутаттардын айласын кетирип жатат. Анын элге кылган жакшылыгы болуп жаткан окуяларды коомчулуктун түшүнүшүнө жардам берип жатканы дейт көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек.
«Мен Мадумаровдун тарапташы эмесмин. Анын элге кылган жакшылыгы окуяларды коомчулуктун түшүнүшүнө жардам берип жатат. Коомдук пикирди тарбиялап жатат. Албетте бул бийликке жакпайт, кек сактап, өч алып, оппозиция деп кабыл алган Мадумаровго нейтралдуу операция жүргүзгүсү, мойнуна бир беренени илип коюп, көзөмөлдөгүсү келип жатат. Бирок бул нерсе — бийликтин өзүнө эле жаман. Себеби саясий жана укуктук талаада оппонент менен сүйлөшүү керек. Азыр эле Мадумаровдун тарапташтары коргоого алышарын жазып жатышат. Бул коомду бөлүнүп-жарылууга жана чыңалууга алып барат».
Кошумчалай кетсек, социалдык тармактарда Мадумаровдун тарапташтары депутатты коргоого алышарын жазышууда.
Журналист Канышай Мамыркулова депутатка коюлган айыптарды негизсиз деп эсептейт.
«Кыргыз саясатчыларында тарыхта кала турганы өтө аз, Мадумаров ошол категорияга кирген саясатчы. Ал оор калибрдеги саясатчы болгондуктан, ага карата иш козгоо жаңылык эмес. Бирок өтө орой түрдө сабатсыз жана укуктук жактан негизсиз десек болот. Чынында мен башкы прокурордон мындайды күткөн эмесмин. Себеби ал кишини кесипкөйлүгү үчүн жеке сыйлайм. Анан ушундай опурталдуу ишке өзү макул болорун ойлогон эмесмин. Эми албетте баарын мезгил көргөзөт».
«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кол тийбестигинен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Алар ишти 48 сааттын ичинде иликтеп, корутундусун Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгат. Андан соң уруксат берүү, уруксат бербөө маселеси депутаттардын добушу менен чечилет.