Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан визасыз режим киргизүү сунушу боюнча Кытайдан жооп күтүүдө

Кыска кабар | 31 мая 2023 | 302 | 0

Кыргызстан Кытайга паритеттик негизде визасыз режим келишимин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев парламенттин 31-майдагы жыйынында депутат Камила Талиеванын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Депутат кыргызстандыктар Кытайга виза ала албай, көп маселе жаралгандыктан визасыз режим киргизилсе ыңгайлуу болмогун билдирди.

«Биз Кытай тарапка сунуштарды бердик, паритеттик негизде эки өлкөнүн ортосунда визасыз режим киргизели деген позициябызды айттык. Кытай тарап бүгүнкү күндө бул сунушту карап туруп жооп берели дешти. Биз ошол жумушту улантабыз», — деди министрдин орун басары.

Кыргызстан Кытай менен визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев парламенттин 4-майдагы жыйынында айткан. Министр бул маселени кытайлык кесиптеши менен Сиань шаарында жолукканда талкуулаган.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 31-майда «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кароодо.

Казакстан менен Кытай визасыз режим боюнча макулдашууга кол койду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM