Биз менен байланышыңыз

Парламент «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды колдоду

Кыска кабар | 31 мая 2023 | 323 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, 69 депутаттын «макулдугу» менен кабыл алынды.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев билдиргендей, аталган мыйзам долбоору 34 жылдан кийин кабыл алынып жатат.

Парламент мыйзам долбоорун президенттин кароосуна жөнөттү. Мамлекет башчысы долбоорго кол койгондон кийин, ал мыйзам катары күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM