Биз менен байланышыңыз

Жапониянын премьер-министри резиденцияда кече өткөргөн уулун кызматтан алды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 мая 2023 | 245 | 0

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида мамлекеттик резиденцияда өткөн кече тууралуу маалымат алгандан кийин тун уулу Сётарону саясий маселелер боюнча жеке катчылык кызматынан бошотту.

Жаңы жыл алдындагы кече маалында тартылган сүрөттөрдү жапониялык «Сюкан бунсюн» басылмасы жарыялаган. Сүрөттө 32 жаштагы Сётаро Кисида жана анын жакындары башкы тепкичтин кызыл килеминде министрлерди дайындоодон кийинки салттуу сүрөттөрдү пародиялап жатышканы тартылган.

«Анын саясий иштер боюнча мамлекеттик кызматтагы аракеттери туура эмес болгон. Мен аны жоопкерчилигин сезсин деп алмаштырууну чечтим», — деди өкмөт башчы.

Буга чейин жапон өкмөт башчысы уулун «ылайыксыз» жүрүм-туруму үчүн эл алдында жемелеген. Кисида бул кызматка көп жылдан бери жардамчысы болуп жүргөн Такаёси Ямамотону алып келди.

Сётаро Кисида 2022-жылдын октябрында премьер-министрдин сегиз жеке катчысынын бири болуп дайындалган. Мураскорлорду даярдоонун бир бөлүгү катары үй-бүлө мүчөлөрүн кызматка орноштуруу — Жапония саясатында кадимки көрүнүш.

Сётаро январь айында элчиликтин автоунааларын Лондон менен Париждеги жеке турларга колдонгону, Лондондогу кымбат баалуу дүкөндөн министрлерге сувенирлерди сатып алганы үчүн сынга алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM