Биз менен байланышыңыз

Ошто Балдарды коргоо күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөт

Кыска кабар | 30 мая 2023 | 171 | 0

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында бир катар иш-чаралар өтөт.

Мэриянын маалыматына караганда, 1-июнь, саат 09:00дөн 14:00гө чейин Т. Сатылганов сейил багында жомоктор сахналаштырылып, «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун таланттары жана «Үмүт береке» коомдук фонду тарабынан даярдалган майрамдык концерт өтөт.

Күндүзгү саат 14:00дөн 16:00гө чейин «Дельфин» бассейнинде маданий, спорттук оюн-зоок иш-чарасы, сууда сүзүү мелдеши болот.

— саат 16:00дөн 17:00го чейин «Санжыра» этно-комплексинде балдар үчүн концерттик программа өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM