Биз менен байланышыңыз

2-3-июнда Балыкчы-Чолпон-Ата жолдорунда кыймыл чектелет

Кыска кабар | 30 мая 2023 | 541 | 0

2-3-июнь күндөрү Балыкчы-Чолпон-Ата жолдорунда автоунаа кыймылына мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Бул күндөрү Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын жолугушуусу өтөт. Чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолдоруна чектөөлөр киргизилип турат.

«Жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» экинчи саммити өтөт.

Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.

3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM