Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министри Кулубаев монголиялык кесиптеши менен жолугушту

Кыска кабар | 30 мая 2023 | 180 | 0

Бүгүн, 30-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө саясий диалогду бекемдөө, жогорку деңгээлдеги сапарларды өткөрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, маданий-гуманитардык алака маселелерин талкуулашты.

Министр Кулубаев кыргыз-монгол соода-экономикалык алаканы күчөтүү, анын ичинде, айыл чарбасын, кайра иштетүү өнөр жайын жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтты.

Монголиянын тышкы иштер министри туризм, медицина, билим берүү жана маданият тармагында алака курууга басым жасады.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлерине жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM