Биз менен байланышыңыз

Депутаттар курултайдын делегаттарын бир жолку мөөнөткө шайланышын каалайт

Саясат | 30 мая 2023 | 313 | 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитети бүгүнкү жыйынында «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карап жактырды. Мыйзам долбоору президенттин демилгесинин негизинде жазылган. Бул долбоорду карап чыгуу боюнча ар бир фракциядан бирден депутат катышкан жумушчу топ түзүлүп, алар 22 беренени 15ке чейин кыскарткан. Ошондой эле алар курултайдын делегаттарын бир жолу гана шайлана тургандай сунуш киргизишүүдө. Өткөн жылы  «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам кабыл алынбай туруп, мыйзам бузуу менен биринчи элдик курултай өткөн. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — президент.

Конституциялык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн депутаттык жумушчу топтун төрагасы Жанарбек Акаев аткарылган иштер боюнча маалымат берип, беренелер 22ден 15ке кыскарганын айтты.

«Эң негизгиси, бир консенсуска келдик деп ойлойм. Элдик курултай мыйзамы Башмыйзамга кирип калгандан кийин ушундай эле мыйзам болушу керек эле. 22 беренеден турганды 15ке түшүрүп, Жогорку Кеңеште биринчи окуудан алып өттүк. Мурдагы сунушталган мыйзам боюнча делегаттар бир жылдык мөөнөткө шайланса, бул мыйзам долбоорунда бир жолку мөөнөткө деген кат аркылуу сунуш депутаттардан келип түштү. Мен да бул сунушту колдойм».  

Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын долбоорун жазып чыккан жумуш топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев эмне үчүн бир жолку курултай үчүн делегаттарды шайлоого каршы чыгып жатканын түшүндүрдү. Анын айтымында, алар бир жылдык мөөнөткө шайланса да, укуктук жана статустук эч кандай артыкчылыкка ээ болбойт.

Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде курултайда тышкы жана ички саясат тармагындагы маселелер карала турганы жазылган. Талкууда депутат Нурбек Сыдыгалиев тышкы жана ички саясат тармагындагы маселелердин Курултайда каралышы туура эместигин белгилеп, «Анда эмне үчүн Тышкы иштер министрлиги керек?» деген суроо салды.

«Тышкы саясат боюнча иш алып бара турган болсоңор, анда ТИМдин эмне кереги бар? Министрликти жоюп салбайлыбы? Булар бир жылга шайланганда акимге барып, айыл өкмөттөрдү чогултуп бер дешет экен. Барып алышып, «айыл өкмөттөрдүн иш алып баруусун текшеребиз» дешет экен. Алар мага чалып, «Курултайдын делегаттарына отчёт беребизби? «деп жатышат. Ошондуктани булар бир эле курултай өткөнгө чейин гана шайланышы керек. Курултайдан чыккандан кийин булардын статусу бүтөт».

Бул мыйзам кабыл алынса, делегаттардын статусу кабыл алынат жана бул мыйзамдын негизинде иш алып барышат. Депутат Чолпон Султанбекова да курултайчылар жергиликтүү бийликти кысымга алып, отчёт талап кылып жатышканын белгиледи.

Бул боюнча президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Курултай социалдык өнүктүрүү багыттары боюнча сунуштарды берүүчү, кеңеш берүүчү жыйын болуп санала турганын, алардын текшерүүгө укугу жоктугун белгилеп, ээнбаштык кылгандарга эскертүүлөр берилип жатканын айтты.

Курултай өткөндөн кийин бүгүнкү күнгө чейин 21 кишиден турган аксакалдар кеңеши иш алып барууда. Мындан сырткары улуттук кеңеш да бар. Алар да бюджеттен айлык алышпайт, болгону коомдук башталыштагы топ. Бирок катчылыктагы 7 адам бюджеттен айлык алып иштешет.  Өткөн жылы Кутултай өткөрүүдө 3 миңден ашык кайрылуу келип түшкөн, алар ошол боюнча иш алып барышат.

Жогорку Кеңеш өткөн жылы «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарган. Бирок ага карабай өз ыйгарым укугунан пайдаланган мамлекет башчысы атайын жарлык чыгарып, 25-26-ноябрда Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына курултай чакырган. Түз мааниде айтканда, курултай конституциялык мыйзамы иштелип чыкпай туруп өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM