Биз менен байланышыңыз

Евробиримдиктин башчысы 3-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Кыска кабар | 30 мая 2023 | 142 | 0

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Евробиримдиктин башчысы Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтчү «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» экинчи саммитине катышат.

3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM