Connect with us

Активист Мелис Аспеков абактан бошотулганы кабарланды

Кыска кабар | 30 Май 2023 | 763 | 0

Пара талап кылуу жана алдамчылык боюнча айыпталган активист Мелис Аспеков абактан бошотулду. Бул маалыматты Жаза аткаруу кызматынан тастыкташты.

Мелис Аспеков президенттин ырайымы менен эркиндикке чыкканын жактоочусу да билдирди.

Ырайым эмненин негизинде берилгени толук маалымдала элек.

Жарандык активист «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылууга шектелип, 2021-жылдын 9-январында кармалган. Кийинчерээк, 26-январда Улан Жураев тергөө менен кызматташууга макулдук бергени үчүн үй камагына чыгарылган.

Мелис Аспековго карата Биринчи Май райондук соту 7 жылга эркиндигинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM