Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Кыска кабар | 30 мая 2023 | 198 | 0

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13% деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу Улуттук банктын байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов маалымдады.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасына тике жана кыйыр таасирин тийгизген тышкы экономикалык шарттар мурдагыдай эле туруксуз болууда. Дүйнөлүк азык-түлүк жана мунай рынокторунда баа динамикасынын акырындап төмөндөшүнө карабастан, көпчүлүк өлкөлөрдө инфляциянын деңгээли жогору болору күтүлүүдө.

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 4,4 пайызды түздү.

Жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары 4,2 пайызга жогорулап, инфляция деңгээли жылдык мааниде 11,2 пайызды түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM