Биз менен байланышыңыз

Дания Украинага дагы 2,6 млрд долларга аскердик жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 30 мая 2023 | 183 | 0

Дания өлкөсү Украинага аскердик жардамдын жаңы топтому үчүн 2,59 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу 29-майда өлкөнүн премьер-министри Метте Фредериксен билдиргенин Бобор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Каражат Украинага быйыл жана келерки жылы курал-жарак сатып берүүгө жумшалат.

Март айында Дания Украинага аскердик жана жарандык жардам берүү фондун түзгөн. Анда ага 1 миллиард АКШ доллары которулган.

Фредериксен жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде, өкмөт бул фондго быйыл кошумча 7,5 миллиард крон (1 миллиард долларга жакын), кийинки жылы дагы 10,4 миллиард крон (1,5 миллиард доллар) бөлүүнү пландап жатканын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул жардам үчүн Даниянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Метте Фредериксен быйыл сентябрда НАТОнун башкы катчылыгынан кете турган Йенс Столтенбергдин ордуна талапкер болушу мүмкүн экени айтылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM