Биз менен байланышыңыз

Президент: Курманбек Бакиев келсе камакка алынат

Кыска кабар | 30 мая 2023 | 342 | 0

Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Курманбек Бакиевге козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими менен 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат.

«Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек» , — деген президент.

Президент ошондой эле Жаныш, Акмат, Максим, Марат Бакиевдерге да иш козголуп, издөөдө жүргөнүн, келсе камалышарын айткан.

Башкы прокуратуранын маалыматтары боюнча Адыл Бакиев, бир тууган иниси Марат Бакиев, Каныбек Бакиевдерге иш козголгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM