Биз менен байланышыңыз

Президент: Акаевди камаганга негиз жок

Кыска кабар | 30 мая 2023 | 315 | 0

Качкын президент Аскар Акаевдин өлкөгө келишине байланыштуу президент Садыр Жапаров өз пикирин «Кабар» агенттиги аркылуу билдирди.

Анда ал Аскар Акаевге бир да кылмыш иши козголбогондуктан, камаганга негиз жок экендигин айткан.

«Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө болгон эмес. Ошондуктан Кумтөрдү «Центеррадан» талашып жатканда көрсөтмө берип кетиңиз деп атайын чакырганбыз. Камалбасына кепилдик бергенбиз. Кепилдик бербесек да, камаганга эч кандай юридикалык негиздер жок эле. Келди, сурак берип кетти. Ал кишинин суракта берген көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алганга абдан пайдасы тийди. Анткени ошол мезгилде мамлекет башында турган болчу. Ошол мезгилде кетирген каталарын да ушул жерден оңдоп кетти десем болот. Азыр деле кеч эмес, Кумтөр мындан ары да 30-40 жыл Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Кумтөрдүн алтыны дароо элдин пайдасына иштей баштады. Эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарды дароо эселеп көтөргөнгө жардам болду», — деп айткан Жапаров.

Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаевдин өлкөдөгү жогорку окуу жайларда дарс окуй турганы өткөн жуманын соңунда ЖМКларга жарыяланып, Исхак Раззаков атындагы КТМУда, Жусуп Баласагын атындагы КУУда, Кыргыз улуттук илимдер академиясында болору кабарланган.

Бул маселе катуу нааразылык пайда кылгандан кийин жогорку окуу жайлар Акаевдин лекциясы тууралуу маалыматтарды четке кагышкан.

Copyright © 2017 Maral FM