Биз менен байланышыңыз

Быйылкы айдоо-себүүнүн 93 пайызы аяктады

Коом | 29 мая 2023 | 324 | 0

Айыл чарба министрлиги быйылкы айдоо-себүү 93 пайыз бүткөнүн билдирди. Өлкө боюнча 633 миңден ашык гектар жер айдалды. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 2 миң гектарга көп. Мындан сырткары эгин 1 миллиондон ашык, тагыраагы, өткөн жылга караганда 4 миң гектарга көбүрөөк жерге себилди. Үрөн жеткирүү дээрлик 100 пайыз камсыздалды. 

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров өлкөдөгү айдоо-себүү аяктоо алдында турганын, быйыл үрөн жеткирүү дээрлик 100 пайызды түзгөнүн билдирди.

Мындан сырткары Кыргызстанда айдалбай калган жерлерди кыскартуу аракети көрүлүп жатканын, 100 гектарга жакын ушундай жерлер бар экенин айтты.

«Үрөн боюнча айтсак, быйыл сатып алуу болгон жок. Өткөн жылы Орусиядан алып келинген үрөндүн эсебинен фондду жаңыртканбыз. Республика боюнча жалпысынан 63,9 миң тонна же 95,2% үрөн, анын ичинен 22,5 миң тонна жаздык буудайдын үрөнү жеткирилген. Жалпы 67,1 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрү керектелсе, анын 63,9 миң тонна үрөн топтолуп, 95,2% камсыз болду. Анын ичинен буудай үрөнү 24 миң тонна керектелсе, 22,5 миң тоннасы топтолуп, бул 93,7%ды түздү, арпа үрөнү 42,9 миң тонна керектелсе, 41,2 миң тоннасы топтолду, 96%ды түздү. Жүгөрү үрөнү 2,6 миң тонна керектелсе, 2,4 миң тоннасы топтолуп, камсыздоо 93,4%ды түздү. Май өсүмдүгү 99,5%, көп жылдык чөп – 77,4 %, картөшкө – 100,0 %, пахта – 88,4%, жашылча, бахча – 97,3-98,0% камсыздалды».

Министрликтин өсүмдүк өстүрүү башкармалыгынын жетекчиси Жигиталы Жумалиев жыл башынан бери Кыргызстанга 81 миң тонна минералдык жер семирткичтер алып келингенин белгиледи.

Анын айтымында, өлкөнүн айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон жылдык керектөөсү 286 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен азот – 163 миң тонна, фосфор – 105 миң тонна, калий – 17 миң тонна.

«Үстүбүздөгү жылдын 25-майына карата республикага 81,5 миң тонна жер семирткич ташылып келинди. Анын ичинен азоттук жер семирткичтер – 61,7 миң тонна (37,7%), фосфордук жер семирткичтер – 19,3 миң тонна (18,2%) жана калийдик жер семирткичтери – 0,58 миң тонна (3,3%). Компаниялардын сатуу пункттарында жер семирткичтердин түрүнө жараша сатуу баасы: аммиак селитрасы – 32,0-46,0 сом/кг, карбамид – 38,0 -52,0 сом/кг, аммофос – 55,0-60,0 сом/кг болууда. Үстүбүздөгү жылы минералдык жер семирткичтерге болгон баалар 2022-жылга салыштырмалуу аммиак селитрасы 1 кг үчүн 8,0-10,0 сом, ал эми карбамид 10,0-12,0 сомго төмөндөдү».

Мындан сырткары жыйында айыл чарба техникасынын даярдыгы тууралуу да сөз болду.

Министрликтин айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин жетекчисинин орун басары Жыргалбек Бардыбаевдин айтымында, учурда өлкөдө 80 миңден ашык айыл чарба техникасы бар.

«Акыркы алынган маалыматтар боюнча республикага жер иштеткенге керек боло турган тракторлордун саны — 21 миң 616. Соколор 94%га камсыздалган. Ал эми минералдык жер семирткичтерди чачкычтар 677 даана. Ошондой эле 3 миң 199 даана үрөн сепкич бар. Айыл чарба техникалары 2011-жылдан бери 10,3 млрд сомго 5038 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. Ал эми 2022-жылы жалпы эсеп менен дыйкандарыбызга 3 млрд сомго 983 даана техника берилди. 2023-жылдын 10-майына карата айылдык товар өндүрүүчүлөргө 1 млрд сомго 285 даана айыл чарба техникаларын лизингге берилди».

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, 26-майга карата «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоорунун негизинде 2 млрд 540 млн 795 миң сом жеңилдетилген насыя берилди.

Насыялар айылдык товар өндүрүүчүлөрдү финансалык колдоо максатында «Айыл Банк» жана «РСК-Банк» ААКтары аркылуу берилүүдө. Анын ичинен жеңилдетилген шартта:

— 1 миң 461 дыйканга 602 млн 229 миң сом;

— 4 миң 176 фермерге 1 млрд 938 млн 566 миң сом берилди.

Copyright © 2017 Maral FM