Биз менен байланышыңыз

Профессор «улуттук крокодил» деген сөзүнө түшүндүрмө берди (видео)

Кыска кабар | 29 мая 2023 | 630 | 0

Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы, профессор Айнур Жоробекова «улуттук крокодилдер» деген сөзүнө комментарий берди.

Ал Кыргызстанда орус тилинин макамы ансыз да жакшы экенин, орус тили керек болсо өлкөнүн Конституциясында расмий тил катары бекитилгенин айткан. Ошол себептен кыргыз тилин кыскартуу менен орус тилин сактоо туура эмес деген позицияны билдирген.

«Улуттук крокодил» деген сөз бул бир улуттун кишилери жөнүндө айтылган кеп эмес, тил жөнүндө айтылган эмес. Крокодил деген сөз эксперттердин чөйрөсүндө коомчулукту козгогондорго карата колдонулат. Ал жерде Борбор Азиядагы орус тилдүү диаспоралардын абалы жөнүндө суроо болгон. Биз: «Эмнеге бул маселени көтөрүп жатасыңар?» — деп айттык. Себеби ким улуттук маселени көтөрүп, улут, дин арасына бүлүк салып, чагым кылып, ушул суроону козгогосо, ошол адамды «улуттук крокодил» деп атайт. Бул сарказм катары колдонулат», — дейт  Айнур Жоробекова.

Бир күн мурун социалдык тармактарда Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы конференцияда «улуттук крокодилдердин нааразычылыгына карабай Кыргызстанда орус тили бардык тармакта жетиштүү колдонулат» деп айткан. Бул кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу пайда кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM