Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 29 мая 2023 | 222 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады.

Садыр Жапаровдун айтымында, өлкө жетекчилиги аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн татыктуу жашоо-турмушу, социалдык-укуктук жактан корголушун камсыз болушу үчүн бардыгын жасап жатат.

«Бүгүнкү күндө аскер кызматынын кадыр-баркын көтөрө алдык деп ишенимдүү айта алам. Ага элибиздин армияга болгон сый-урматы барган сайын артып баратканы далил. Ошол эле маалда аскер кызматынын бедели бир гана мамлекеттин аракетинен көз каранды эмес экендигин белгилегим келет. «Чептен эрдин күчү бек» деген накыл кеп сыңары, ар бир жоокерибиз демдүү-күчтүү, намыстуу, аскер ишинде күжүрмөн даярдыгы бекем, Ата Мекенибиздин бүтүндүгүн, улуттук кызыкчылыкты коргоого жогорку даярдыкта болушу керек», — дейт Садыр Жапаров.

29-май — Куралдуу күчтөрдүн күнү. Кыргызстанда куралдуу күчтөр күнүн белгилөө туурасында чечим 1992-жылы кабыл алынып, андан бери расмий түрдө майрамдалып келет. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы аскердик башкаруунун борбордук органы жана Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрүн оперативдик башкаруунун башкы органы болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM