Биз менен байланышыңыз

Түркия: Алдын ала жыйынтыктар боюнча Эрдоган утту

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2023 | 293 | 0

Түркияда кечээ, 28-майда президенттик шайлоонун 2-туру болуп өттү.  Добуштар дээрлик толугу менен эсептелип бүттү. Жогорку шайлоо жыйынынын башчысы Ахмет Йенер алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайип Эрдоганды президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялады

Режеп Тайип Эрдоган — 52,13%
Кемал Кылычдароглу — 47,87% добуш алды.

Учурдагы президент Эрдоганга 27 миллиондон ашык шайлоочу добуш берсе, анын атаандашы Кемал Кылычдароглуна дээрлик 27 миллиондон ашык жаран добуш берди. Ал эми аймактар боюнча эсептегенде, Эрдоган 51 провинцияда алдыга чыкса, Кылычдароглу 30 провинцияда, анын ичинде ири шаарлар Анкара, Стамбул жана Измирде алдыга чыкты.

Режеп Тайип Эрдоган шайлоонун алгачкы жыйынтыктарынан соң, Стамбулдагы тарапташтарынын астына чыгып кайрылуу жасады. Ал эми шайлоодогу жеңишин борбор калаа Анкарадагы Ак сарайда белгилей турганын айтты. Ак сарай жайгашкан Бештепе аймагы калкка ачылып, тарапташтары чогулду.

Ал эми анын атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоонун жыйынтыктары боюнча алгачкы комментарийин Республикачылар партиясынын башкы штабында берди. Ал шайлоонун таза өтпөгөнүн айтып, атаандашы админресурсту колдонгонун сындап, Эрдоганга куттуктоо айткан жок. Ал эми ага добуш берген калкка жана анын ичинде жаштар менен аялдарга ыраазычылык билдирди.

Шайлоо жыйынтыктарынын чыга баштаганда учурдагы президентти Азербайжан президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттуктаган.

Түркияда жалпы шайлоочулардын саны 60 млн 769 миң 268. Биринчи турдагы добуш берүүдө шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу дээрлик 90%ды түзгөн. Ал эми 2-турда шайлоочулардын катышуусу 85% болду.

Copyright © 2017 Maral FM