Биз менен байланышыңыз

Ленин округундагы шайлоо: ким алдыда?

Кыска кабар | 28 мая 2023 | 690 | 0

Ленин шайлоо округу боюнча добуш берүү жыйынтыкталып, добуштардын дээрлик баары эсептелди.

Алдын ала жыйынтык боюнча, Ленин округунда ат салышкан талапкерлердин арасынан Дамира Ниязалиева алдыга чыкты. Ал шайлоочулардын 35,83% добушуна ээ болду (6242 добуш).

Алдыңкы бештикке кошулган талапкерлер төмөнкүдөй добуш алды:

  1. Ниязалиева Дамира — 35,83%ъ
  2. Сариев Улан — 11,88%
  3. Искаков Эртай — 7,56%
  4. Айтбаев Акыл — 5,67%
  5. Аттокур уулу Илимбек — 5,5%

Дамире Ниязалиева — учурда 63 жашта. Нарын облусунун Жумгал районунун Арал айылында туулган. Буга чейин ЖКнын 4-5-чакырылыштарынын депутаты болгон. Аткаруу бийлигинде вице-премьер жана саламаттыкты сактоо министри кызматтарын аркалаган.

Акыркы жолу 2021-жылдагы шайлоодо Жумгал районунан бир мандаттуу округдан талапкер болгон.

Белгилей кетсек, бүгүнкү шайлоого шайлоочулардын 13,95%ы гана катышты. Бул соңку үч жылдагы эң төмөн көрсөткүч.

Copyright © 2017 Maral FM