Биз менен байланышыңыз

Бүгүн чек арачылар күнү

Кыска кабар | 28 мая 2023 | 277 | 0

Бүгүн, 28-майда Кыргызстандын чек ара кызматынын түптөлгөн күнү. Президент Садыр Жапаров чек арачылар күнүнө карата атайын куттуктоо жолдоду.

Анда өлкө башчы чек ара коопсуздугун камсыздоо бүгүнкү күндө Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган мамлекеттик башкаруунун толук кандуу тармагы болуп саналарын айткан.

«Мамлекетибиз мындан ары да чек ара кызматынын аброюн көтөрүүгө, бул кызматтын сапатын жогорулатууга, мамлекеттин чегин ишенимдүү коргоого, кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга, чек арачылардын социалдык жактан камсыз болушуна кам көрүүнү улантат», — деп кошумчалаган президент.
Ар жыл сайын 28-майда улуттук чек ара кызматынын калыптанышынын башында тургандарды – чек ара кызматынын ардагерлерин куттуктоо салтка айланууда.

Copyright © 2017 Maral FM