Биз менен байланышыңыз

Жакында Анкара-Бишкек авиакаттамы ачылат

Кыска кабар | 27 мая 2023 | 130 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту Түркиянын AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте Анкарадан Бишкекке авиакаттам ачат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-июндан тарта Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачылат.

Түркиянын баш калаасына аба каттамдары жумасына төрт жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Ал эми август айынан тарта каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM