Биз менен байланышыңыз

Орто мектептеги окуусун 9-класстан ары улантпай койгондор арбып барат

Билим-маданият , Коом | 26 мая 2023 | 1895 | 0

Быйыл мектептерде 9-классты 116 миң окуучу аяктады. Билим берүү жана илим министрлиги алардын көбү кесиптик лицейлерге, тагыраагы, кыска мөөнөттүү окуу жайларга тапшырып жатышканын билдирди. 9-класстан кийин окууга тапшыргандар үч жыл ичинде 11-класстын аттестатын да, кесиптик билимди да алып чыгат. Ал эми айрым адистер окуучулар 11-классты толук бүтүрүп, андан кийин гана жогорку окуу жайларга тапшырса жакшы болмогун айтышат. 

Акыркы убактарда 9-класстын базасы менен атайын орто окуу жайларга тапшыргандар көбөйүүдө. Алардын бири Элиф Каныбек кызы быйыл Бишкектеги мектептердин биринде 9-классты аяктап, кесиптик лицейге тапшырып жатат. Ал убактысын үнөмдөп, эртерээк иштегиси келерин билдирди.

«Азыркы учурда экзаменге даярданып жүргөн мезгилибиз. 9-класстын аттестатын алгандан кийин лицейге тапшырайын деп жатам. 11-класска калбаганымдын себеби эки жыл мектепте окуп, убактым бекер кетип жатат. Лицейге тапшырып, тигүүчү кесибин үйрөнгүм келет. Окууну бүткөндөн кийин дароо иштеп кетсем, көп нерсеге жетишем деген үмүттөмүн».

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова быйыл 9-11-класстарды өлкө боюнча 180 миңден ашык окуучу аяктаганын, алардын 116 миңи 9-классты бүтүрүп жатканын маалымдады.

Ал эмне себептен көпчүлүк окуучу он бир жыл толук окубай турганын мындай түшүндүрдү:

«Быйыл 9-классты бүткөндөрдүн саны көп. Бирок 11-класска барганда азая баштайт. Кыргызстанда жылдан-жылга кесиптик лицейлердин саны өсүп жатат. Окуучулардын көпчүлүгү ошол жакка ташырып жатышат. Себеби балдар эки жыл мектепте окугандан көрө бир кесипти тандап, андан ары улантып окуюн дешет. Ошондуктан көпчүлүгү эрте кесип тандап, ошол багытта окугусу келишет».

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө жалпысынан 100 кесиптик окуу жай бар. Буга чейин кесиптик адистерди даярдоо мөөнөтү 3 жыл болсо, быйыл 2 жылга кыскартылат.

Бишкектеги Политехникалык колледж жылына 500-600гө жакын 9-класстын бүтүрүүчүсүн кабыл алат. Кесиптик окуу жайдын бөлүм башчысы Сезим Искендерова колледж үч багытта окутуп, үч жыл ичинде диплом берерин айтат. Мындан сырткары ал кесиптик окуу жайларда билим алуунун артыкчылыктары боюнча буларга токтолду:

«Бизге 9-классты бүтүп келишет. Кесиптик окуу жайларда билим алуунун артыкчылыктарына токтолсок, 10-11 класстын программасын бир жылда окуп бүтүшөт. Андан кийин кесиптик предметтер кире баштайт. Биздин окуу жай энергетика, байланыш, компьютердик системаларды программалоо багытында билим берет. Үч жылда диплом да алышат. Ошол диплом менен жумушка орношууга болот. Мындан сырткары кааласа, билимин жогорулатып, улантса да болот».

Ал эми билим берүү тармагы боюнча адис Саадат Сатарова окуучулар 11-классты толук кандуу бүтүрүп, андан кийин гана жогорку окуу жайларга тапшырышы керектигин айтат. Адис мектепте толук билим албагандар өлкөдөгү билим сапатынын төмөндөшүнө таасир берерин белгиледи.

«Бул деген бүгүнкү күндөгү окуучулардын билим сапатынын төмөндөшүнө алып келет. Жогорку окуу жайларга барган окуучулардын саны азаят. Учурда көпчүлүгү «11-классты, жогорку окуу жайды бүтсөм деле жумуш жок» деп ойлошот. «Андан көрө мындай эле окуп коюп, иштейин» дешет. Окуучу толук кандуу орто билим алышы керек. Андан кийин кайсыл жакка барарын чечиши керек. Мугалимдер, ата-энелер бүтүрүүчүлөрдүн жакшы кесип тандоосуна жол ачып бериши зарыл. Алар азыр жаш. Эмне кылып жатканын өздөрү да түшүнбөйт. Жанындагы досу кетем десе эле, кошулуп кете берет».

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкө боюнча 11-классты 67 миң, ал эми 9-классты 106 миң окуучу аяктаган.

Copyright © 2017 Maral FM