Биз менен байланышыңыз

10-20 жылдыктардын көпчүлүгү топтогон каражатын кайрымдуулукка жумшоодо

Коом | 25 мая 2023 | 1118 | 0

Бүгүн өлкөнүн мектептеринде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл 9-11-класстарды өлкө боюнча 180 миңден ашык окуучу аяктады. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрүп жатат. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларды эмгекчил болууга, кесипти туура тандоого үндөдү. Бүгүнкү «Акыркы коңгуроо» аземине 10-20 жыл мурун мектепти бүтүргөндөр да катышты. Алардын арасында майрамдан баш тартып, топтогон акчасын кайрымдуулукка жумшагандар да болду.

Бүгүн, 25-майда Кыргызстандын бардык мектебинде акыркы коңгуроо кагылды. Ошондой эле мектепти мурда бүтүргөндөр үчүн да өзгөчө күн болду.

Акыркы убактарда мектепти 10 жыл-20 жыл мурун аяктагандар арасында чыгымы, ысырабы көп шаан-шөкөттөн баш тартып, чогулткан каражаттарын кайрымдуулукка жумшоо жакшы трендге айланууда.

Маселен, Чаткал районунун Айгыр-Жал айылындагы Матиш Исмаил уулу орто мектебин 2003-жылы бүтүргөндөр жакыр үй-бүлөгө бардык шарты менен 4 бөлмөлүү үй куруп беришти.

Айтылган мектепти 20 жыл мурда аяктаган Айбек Сапаркулов классташтар кеңешип, майрамга деп топтогон акчанын эсебинен айылдагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү чечимине келишкенин айтып берди.

«Биз мектепке 1992-жылы барып, 2003-жылы 70тей окуучу бүтүргөнбүз. Бул идеяны 1985-жылы туулган мырзалар көтөрүп чыктык. Айылыбызга жардам көрсөтүү максатын көздөгөнбүз. Ар кандай ойлор болду. Жыйынтыгында айылыбыздагы турак жайга муктаж адамдарды эске алдык. Айылыбызда жашаган 8 балалуу 60 жашка чыгып калган аксакал кишиге үй салып бердик. Үй негизинен 4 бөлмөлүү, бардык шарты бар. Үй салууга кеткен каражаттын 80 пайызын эркектер көтөрүп, 20 пайызына кыздар жардам беришти».

Аталган мектептин директору Айсулуу Маматова  20 жыл мурун мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн 8 балалуу карыяга үй салып бергенин эң туура деп эсептейт. Ал мындай аракет балдардын мектептен алган билиминин түшүмү экенин айтат.

Ошондой эле ал ушундай жакшы иштер кийинки муундарга дем болушу керектигин белгилейт.

«Биздин мектепти 20 жыл мурун бүтүргөндөр элге кошкон салымы катары атайын бир үй салып тапшырышты. Муну мектептен алган билиминин түшүмү десек болот. Балдарга ыраазычылык билдиребиз. Бул нерсе «Акыркы коңгуроо» иш-чарасында окуучуларга да айтылды. Бул жаш муундар үчүн чоң мотивация болот. Президент да атайын жарлык чыгарган. Анда ашыкча ысырапкорчулукту тыюу каралган. Бул да болсо анын бир үлгүсү болушу керек. Акчаны жөн эле той-ашка, отурушка кетирбестен, бир бүлөнү үйлүү кылып, алардын үйгө деп топтогон акчасын башка жакка жумшап, бала-чакасын окутууга чоң салым кошуп жатат. Бул 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн эң мыкты сапаты деп эсептейм».

Буга чейин «Ак барак» коомдук фонду менен «Китепстан» басма үйү биргеликте 10 же 20 жылдыкка карата белек даярдоо боюнча сунуштарды беришкен.

«Китепстан» басма үйүнүн жетекчиси Бакыт Абдуллаев быйыл долбоор пилоттук түрдө ишке ашып, бирок бир гана кардар китеп сатып алганын белгиледи. Анын айтымында, коомдо мектептерге белек катары китеп берүү азырынча калыптана элек.

«Долбоордун алкагында китеп алабыз деп 7-8 адам кайрылды. Классташтарыбыз менен кеңешип көрөлү деген боюнча кайрылышкан жок. Болгону бир гана бүтүрүүчү классташтары менен чогуу алышты. Калгандары алышкан жок. Муну биз китептин маанисин түшүнбөгөндүк деп кабыл алдык. Мектептерде китептерге болгон муктаждык барбы-жокпу билишпейт. Көпчүлүк китептерди мамлекет алып бериши керек деп кабыл алат экен».

Ошондой эле Абдуллаев долбоордун алкагында мектеп окуучулары үчүн кандай китептер сунушталганын айтып берди.

«Биз сунуштаган китептер — жогорку класстар үчүн. Себеби башталгыч класстар үчүн багытталган китептердин спецификасы оор. Саналуу гана китеп бар. Бардык китеп кыргыз тилине которулган. Тизмесин даярдап бергенбиз. Жалпысынан 40 китеп сунушталган».

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкө боюнча 11-классты 67 миң, ал эми 9-классты 106 миң окуучу аяктаган.

Былтыр «Акыркы коңгуроо» салтанаты 9-июнда өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM