Биз менен байланышыңыз

«Унаа» мекемесинин ишинде мүчүлүштүктөр жаралды

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 228 | 0

Бүгүн, 25-майда «ЕРП» системасындагы убактылуу мүчүлүштүктөрдөн улам «Унаа» мамлекеттик мекемесинде жана мамлекеттик тейлөөнү камсыздоо борборлорунун иштеринде токтоп калуулар орун алууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме белгилегендей, учурда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бузулуулардын себептерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Мекеме унаа ээлеринен келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Борборлордун жана мекемелердин иши боюнча суроолор менен 996 999 809 877 жана 0312 369417, 369418 байланыш телефондоруна кайрылса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM