Биз менен байланышыңыз

Москвадагы форумда Жапаров бизнести колдоо маселелерин козгоду

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 138 | 0

24-майда президент Садыр Жапаров Москвадагы II Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында модератордун Евразия институттарын өнүктүрүү жана бизнестин демилгелерин кошумча колдоо тууралуу суроосуна жооп берип жатып, Евразия экономикалык биримдиги экономикалык өнүгүүнүн өз алдынча жана эч кимге көз каранды эмес уюмуна айланып бара жатканын, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын керектөөлөрүн өз алдынча канааттандыра аларын белгиледи.

Анын айтымында, Евразиялык рейтингдик агенттикти түзүү ишкердик субъекттери (Биримдиктин ички рыногунда дагы) дуушар болгон чектөөлөрдү жоюу менен бирге Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн финансылык көз карандысыздыгынын деңгээлин жогорулатып, инвестициялык ишмердүүлүктү активдештирмек.

Садыр Жапаров бизнестин кызыкчылыктарын коргоо жана аларды мамлекет тарабынан колдоо — ЕАЭБдин бардык өлкөсүндө приоритеттүү милдет экенине ишенемин билдирди. Ушуга байланыштуу Союзда бизнес-акыйкатчы институтун түзүү маселесин изилдөө зарыл. Мындай институттун түзүлүшү бизнестин потенциалын чыңдоого, ой-пикирин эске алып, чарба жүргүзүүчү субъекттердин укуктарын коргоого өбөлгө түзөт.

«Акыр-аягы, мындай институт Биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды минималдаштырууга жана пайда болгон маселелерди сотко чейинки чечүү механизмин түзүүгө жардам берет», — деп белгиледи президент.

Экинчи суроого байланыштуу мамлекет башчысы мүчө мамлекеттердин калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында алардын экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, улуттук экономикаларды комплекстүү модернизациялоо, кооперациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу — Евразиялык экономикалык биримдигинин негизги максаттары экендигине көңүл бурду.

«Биздин бирикмеде адам — биздин көңүлүбүздүн борборунда, башкача айтканда, ар бир адам, ар бир жаран кайсы бир мүчө мамлекеттин аймагында жүрбөсүн, өзүн үйүндөгүдөй сезиши керек.

Бул үчүн алардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу, ишке орношууга, билим алууга, квалификациясын жогорулатууга, саламаттыкты сактоого жана спортко бирдей укуктарды камсыз кылуу зарыл.

Буга байланыштуу биз ушул жана башка ар түрдүү тармактарда жалпы союздук долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну маанилүү милдет деп көрүп турабыз.

Бизнести колдоо жагынан баарыбыз улуттук деңгээлде колдоонун ар кандай түрлөрүн жана механизмдерин колдонобуз.

Ошол эле учурда, алардын институционалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнөн улам, мындай институттардын өнүгүшү ар бир өлкөдө калыптануунун жана өнүгүүнүн ар кандай баскычында турат, ошондой эле көрсөтүлгөн колдоонун көлөмү жана деңгээли боюнча да бир топ айырмаланат. Ошондуктан Биримдик бизнести, анын ичинде өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды финансылык жана финансылык эмес колдоонун ар кандай механизмдерин иштеп чыгууда», — деп кошумчалады Президент.

Жапаров эртең Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында белгилүү бир каржылоо булагы менен тармактардагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго жардам көрсөтүү маселеси карала турганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM