Биз менен байланышыңыз

Ташиев коррупция менен күрөшүү оор жүрүп жатканын айтты

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 1311 | 0

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев өлкөдөгү коррупция, оор жана өтө оор кылмыштар менен болуп жаткан күрөш тууралуу билдирүү жасады.

Кайрылууда мамлекеттин түпкүлүгүнө оор залакасын тийгизген кылмыштын түрлөрү менен күрөшүп, бирок токтото албай жатканын билдирген.

«Ушул күрөштү үч этапка бөлгөнбүз:
1. Күрөштү системалдаштыруу, багытын аныктоо;
2. Мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү;
3. Маалымат, түшүндүрүү, ийгиликтерди чыңдоо.

Биринчи этап эми гана бүттү, биз ойлогондой оңой болгон жок, эки-үч ай, ашып кетсе алты айда дегенбиз, а бирок, 2,5 жылга созулду, өтө көп эмгекти, өжөрлүктү, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты жумшадык», — деп жазган Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле, коррупция менен күрөшүүдө экинчи этапты баштоо алдында турганын, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонорун айткан.

«Буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен жеңилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы бардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз. Коомубуз түшүнүшү керек: биз аёосуз күрөш жана ачык-айкындык менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз», — деп кошумчалаган.

Экинчи этап 1-1,5 жылга созуларын жана өтө оор болорун белгилеп, жеке өзү баарынан баш тартышы керектигин, майда-чүйдөнү айтпаганда бала, бир тууган, дос-жолдоштор, тууган деп карабай турганын да билдирген.

«Урматтуу мамлекеттик кызматты аркалагандар, дагы бир жолу эскертем, чогуу мамлекетке иштеген кызматкер катары суранам: мыйзамды бузбай, ишиңерди так аткаргыла, коррупцияны токтоткула, эч качан суранбагыла, мындан ары мыйзам бузгандарга мыйзам чегинде өтө катаал чаралар көрүлөт. Бандиттер, каракчылар, бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар, контрабандисттер, мамлекетти алдаган шылуундар түп-тамырыңар менен мыйзам чегинде жок кылынасыңар. Бир да адам мыйзамсыз жоопко тартылбашы керек. Бул өтө оор, аткарылышы татаал жана кооптуу тапшырма, бирок мен муну аткарам, менде башка жол жок! Же мени коррупционерлер жеңет, же мен буларды мыйзамдуу тартипке салам! Мамлекет башчыбыздын берген тапшырмасы ушундай, урматтуу мекендештер, коомубуз бирдикте күчтүү, акыйкат мамлекет курабыз. Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды! Үлгүрүшүбүз керек!» — деп сөзүн жыйынтыктаган Ташиев.

Copyright © 2017 Maral FM