Биз менен байланышыңыз

Беш жогорку окуу жайга каржылык эркиндик берүү мыйзамы сунушталды

Коом , Саясат | 24 мая 2023 | 600 | 0

Жогорку Кеңеште «Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирсе, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга каржылык жана административдик көз карандысыздык берилет. Мыйзамды сыноо катары алгач өзгөчө макамга ээ беш мамлекеттик жогорку окуу жайга колдонуп көрүү, оң натыйжа берсе, башка жогорку окуу жайларга да жайылтуу сунушталды. Мыйзамдын оң жана терс жактары тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз.  

Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында ЖОЖдорго каржылык жана административдик көз карандысыздык берүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мыйзам долбоору президенттин «Кыргыз Республикасындагы билим берүү мекемелериндеги жогорку кесиптик билим берүүнүн потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Аталган жарлык аркылуу беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам ыйгарылып, төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр берилүүдө:

  • бюджеттик эмес каражаттарды колдонуу үчүн казыналык системадан тышкары мамлекеттин үлүшү менен коммерциялык банктарда банктык эсеп ачуу;
  • билим берүү, консультативдик, илимий-изилдөөчүлүк, басма иши, өндүрүштүк-коммерциялык жана башка мыйзамда тыюу салынбаган ишмердүүлүктөн каражат түрүндөгү кирешени алуу жана аны жогорку окуу жайдын ишин жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багыттоо;
  • төлөм аркылуу жүргүзүлгөн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө ж.б. өз алдынча тарифтерди түзүү жана бекитүү;
  • лицензия албастан, жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программалары боюнча билим берүү ишмердигин ишке ашыруу;
  • өз алдынча белгиленген билим берүү стандарттарынын жана талаптарынын негизинде жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн программаларын иштеп чыгуу.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун айытымында, азыр бул мыйзам менен беш өзгөчө макамга ээ болгон окуу жай модель катарында каралат, эгерде максаттарга жетишсе, анда башка университеттерге да жайылтылат.

«Биз 5 университетти модель катары көрөлү дедик. Негизги идея ушунда. Аталган 5 университетке чоң жоопкерчилик тагылып жатат. Алар биз койгон максат, милдеттерге жетишсе, башка университеттерге да берилет. Өзгөчө статус алган университет ушулар менен гана чектелет дегенди түшүндүрбөйт. Ошондой эле каржылык эркиндикти бардык университетке берүү боюнча Каржы министрлиги менен макулдашып келдик».

Айта кетсек, төмөнкү беш окуу жайга өзгөчө макам берилген.

  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети:
  • Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети,
  • Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
  • Ош мамлекеттик университети .

 Бул мыйзам менен биргеликте сатып алуулар боюнча мыйзамдын 6-беренесине да өзгөртүүлөр киргизилүүдө, эми университеттер сатып алууларды өзүнүн ички эрежелерине ылайык жүргүзөт. Анын аткарылышы боюнча Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева мындайча түшүндүрмө берди:

«Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларга бул мыйзамга карама-каршы келбеген, бирок бир булактан ала тургандай кылып, атайын инструкция чыгарат».

Жыйында депутат Султанбай Айжигитов бул мыйзамдын тобокелчиликтерине кыскача токтолду:

«Бул мыйзам билим берүү системасын толугу менен либерализацияга алып бара жатат. Анда эки тобокелчилик бар. Биринчиси, билим берүү унутулуп калып эле, баары акча жасоого өтүп алышы мүмкүн. Ушуну кантип болтурбоо боюнча механизмдерди карап коюу керек. Экинчиси, университеттин башкаруусунда калган акчалар даректүү жана максаттуу пайдаланылабы, ушул боюнча да механизмдерди карап коюу керек. Бул механизмдер каралбаса, университеттердин айланасында жаңы коррупциялык система түзүлүшү мүмкүн». 

Өзгөчө статуска ээ болгон унуиверситеттин ар биринин өзүндө Көзөмөл кеңеш бар. Айрыкча, каржы маселесин Окумуштуулар кеңеши, андан кийин Көзөмөл кеңеши текшерип турат. Буга чейин университеттер өзүнө тиешелүү имараттарды ижарага берсе, 30%ын мүлк фонду, 70%ын өзү алчу. Азыр эми жаңы мыйзам менен кирешени 100% өзүнө калтыруу сунушталып жатат. Себеби университеттерде каржылоо жетишсиз болуп, мамлекеттен 3% гана каражат бөлүнүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM