Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Мектептердеги акча чогултуу маселеси толук чечиле элек

Билим-маданият , Коом | 23 мая 2023 | 1116 | 0

Мектептерде окуу жылдын аягында өтө турган шаан-шөкөттөргө тыюу салынганына карабастан акча чогултуу токтой элек. Ата-энелер мектептерде «Акыркы коңгуроо» салтанатына жана мамлекеттик сынак үчүн ар бир окуучудан акча чогултулуп жатканын айтышууда. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги ага тыюу салынганын, мындай фактылар катталган учурда министрлик тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Мугалимдер акча сураса, дароо министрликке арыз менен кайрылууга болот.

Бишкек шаарынын тургуну Асел Уланбаеванын кызы быйыл 11-классты аяктайт. Ал сынак учурунда комиссияга дасторкон жаюу үчүн ар бир окуучу 600 сомдон берип жатканын айтты.

«Менин кызым быйыл 11-классты аяктап жатат. Ар бир окуучудан 600 сомдон чогултулуп жатат. «Акыркы коңгуроодон» кийин мамлекеттик экзамендери башталат. «Андагы комиссияга чай беребиз, дасторкон жасайбыз» деп, акча чогултуп жатышат. Билим берүү министрлиги буга чейин чогултулбайт деп жаткан. Бирок ага карабай эле чогултуп жатышат. Бербей коёюн деп, кайра «кызым элдин катарынан калбасын» деп, аргасыз макул болдум».

Мектептерде акча чогултууларга 2019-жылы эле тыюу салынган, бирок андан майнап чыга элек.

Буга чейин президент Садыр Жапаров министр Каныбек Иманалиев менен жолугуп, «ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди сатып алууга акча чогултулбасын» деген талап койгон. Президент мектептеги керектөөлөр мамлекеттик бюджеттен каржыланарын айткан.

Ош облусундагы мектептердин биринин мугалими Акылай Русланова (аты өзгөртүлдү) буга чейин мектептеги керектөөлөргө мамлекет жетиштүү каражат бөлбөгөндүктөн, ата-энелерден чогултулуп келгенин айтат.

Бүгүнкү күндө бул маселе чечилип келе жатканын, ата-энелерден акча чогултуу катуу көзөмөлдөнүп жатканын белгиледи.

«Азыркы учурда биздин мектепте бул маселе өтө катуу каралып жатат. 10-20 жылдык юбилей өткөргөндөр гана өздөрү мугалимдерге белек берип, мектепке керектүү нерселерди алып берип жатышат. Ал эми 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө катуу көзөмөл жүрүп жатат. Ата-энелердин катышуусунда «Акыркы коңгуроо» аземи өтөт, ошону менен жыйынтыкталат. Мурда мугалимдерге белек берип, ата-энелерден акча чогултулуп келген. Бир-эки жылдан бери акча чогултуу акырындап жоюлуп баратат».

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде, бала бакчаларда акча чогултууга тыюу салууну көздөгөн мыйзам жазып, анын долбоорун коомдук талкууга койгон. Анда ата-энелерден акча сураган мугалимдерге 20 миң сом айып салуу каралган.

Министрликтин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева «Акыркы коңгуроо» жана экзаменди өткөрүү үчүн мектептерде акча чогултууга тыюу салынганын маалымдады.

Министрликтин буйругун аткарбаган жетекчилерге кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.

«Чын эле ушундай фактылар аныкталса, ар бир мектепке байланышып, мыйзам чегинде чараларды көрөбүз. Биз мектептерде акча чогултуунун алдын алуу жана аны болтурбоо максатында иштерди жүргүзүп жатабыз. Мындан сырткары дасторкон жасоого, экзамен учурунда акча чогултууга тыюу салынган. Ошондой эле экзамен учурунда ар бир окуучунун өзүнүн калемсабы, дептери болушу керек. Аны ата-эне өзү алып берет».

Ал эми билим берүү тармагы боюнча адис Мырза Каримов мектептерде акча чогултууда ата-энелердин да күнөөсү бар деген пикирде. Ал ата-энелерди мыйзамга таянып, акча берүүдөн баш тартса болорун белгиледи.

Каримовдун айтымында, билим берүү чөйрөсүндөгү адистер мектептерде акча чогултуу маселесинин чечүү жолдорун бүгүнкү күнгө чейин таппай келет.

«Биринчиден, бул жерде ата-энелердин да күнөөсү бар. Алар балдарынын элден кем калбашы үчүн өздөрү беришет. Эл көзүнө десек да болот. Менин угушумча бүтүрүү кечесин өткөрүү үчүн эле 15 миңден 30 миң сомго чейин чогултуп жаткан учурлар бар экен. Ар бир келген министр бул боюнча буйрук чыгарып жатат. Бирок алардын бири да реалдуу түрдө ишке ашпай келет. Биз: «Бул маселени кантип чечебиз?» — деп көпкө ойлондук. Чечпесе болбойт. Себеби бул — коомдун эң көйгөйлүү маселелеринин бири».

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтөт. Быйыл да салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө акча чогултууларга, бүтүрүүчүлөрдүн жана алардын ата-энелеринин катышуусунда «Акыркы коңгуроо» салтанатынан башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM