Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, аскерлердин материалдык абалын талкуулады.
Аткаруу кызматынын маалыматына караганда, жыйында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери аскерлердин учурдагы абалы жана коопсуздук деңгээли боюнча отчёттору угулду.
Акылбек Жапаров күжүрмөн жана ыкчам даярдыктын натыйжалуулугун камсыз кылуу, аскердик тартипти чыңдоо, Финансы министрлигине бардык каралган беренелер боюнча чыгымдарды өз убагында каржылоону тапшырды.