Биз менен байланышыңыз

Малга салык салуу менен жайыт маселеси чечилеби?

Саясат | 23 мая 2023 | 710 | 0

Кыргызстанда малга салык салууну демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоордун автору: Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев. Ал мындай жол менен айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгарууга боло турганын айтат. Депутаттын салыктын бул түрүн киргизүү сунушу коомчулукта кызуу сынга кабылган. Депутаттын сунушу кимге пайда, кимге зыян? 

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев демилгелеген малга салык салуу мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоордо 40 кой-эчки, 3 уй, 2 жылкыдан өйдө малы барларга салык салуу каралган. Эгер долбоор кабыл алынса, малы көптөр 1 кой же эчки үчүн 100 сомдон, 1 бодо (уй, топоз, жылкы) үчүн 250 сомдон төлөөгө өтөт.

Малына салык төлөгөндөр от акыдан (жайыт салыгынан) бошотулат. Чогулган салык жергиликтүү бюджетке түшөт.

Депутат статистикага таянып белгилегендей, Кыргызстанда 2 миллионго жакын уй-топоз, 700 миңге жакын жылкы, 8 миллиондон ашык кой бар.

Экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров малдын санына жайыт салыгын байласа, ошол эле жетиштүү деген ойдо.

«Бул мыйзам долбоорун мал салыгы эмес, жайыт салыгы деп атаса туура болот. Анткени мал бар жерде жайытка оорчулук жаралат. Менин оюм боюнча ошондо туурараак болушу мүмкүн. Негизи өнүккөн өлкөлөрдүн айыл чарбасы дотацияда. Аларда тескерисинче, мал баккандарга, жер айдагандарга дотация бөлүп берет. Эми биз өнүккөн өлкө эмеспиз, ошондуктан башка өлкөлөрдүн да тажрыйбасын изилдеп көрүшүбүз керек. «Айыл чарбага салык салып, айылдарды дотациядан чыгаралы» деген логика болуп жатат. Бул — өнүккөн өлкөлөр үчүн туура эмес логика. Биз карашыбыз керек. Бирок эл өз жанын багып жатса, ага деле ыраазы болушубуз керек. Бирок мал көп жерде жайыт тартыштыгы болот, ошого жайыт салыгы десе туура болот». 

Кыргызстандагы 453 айыл өкмөттүн 372си дотацияда турат, башкача айтканда мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат менен каржыланат.

Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов аймактарды өнүктүрүп, дотациядан чыгаруу үчүн биринчи кезекте системаны алмаштырып, райондорду борбордук башкаруудан ажыратып, өзүнчө өнүктүрүү керектигин белгилейт.

«Мыйзамды каалагандай жазып койсоң болот, ал эч нерсени өзгөртпөйт. Аны эч ким аткарбайт. Биз антип айтабыз, минтип айтабыз. «Он ую болсун, жүз ую болсун» дейбиз, бирок андан эмне пайда? Аны менен эч нерсе чечилбейт. Бизде мамлекет өнүгүшү үчүн демократиялык система болушу керек.  Демократиялык өлкө болушу үчүн децентрализация болушу керек. Ар бир район, ар бир айыл өкмөтү өзүнчө өнүгүшү керек. Баарынан акчаны жыйнап кетип, анан «биз берип жатабыз, биз кыйынбыз» деп мактанган — советтик система. Ошондуктан ал система өлүп калган. Децентрализация болбосо, эч өнүгүү болушу мүмкүн эмес. Демек, муну талкуулоодон эч пайда жок».

Журналист Канышай Мамыркулова салыктын түрүн чыгаруу көп акылды талап кылбасын, бирок бул бюджетти толтуруунун жаратман ыкмасы эмесин эскертти.

«Бул жерде менин байкаганым, алгач элеттиктердин жашоосуна толук мониторинг жүргүзүү керек болчу. Президенттин 100 миң сомуна эки баш мал алгандар бул салыкты төлөй албайт. Байыгандарга багытталып жаткан болушу керек. Бир жагынан бул мыйзамды колдосо болот, себеби элетте жайыттар тарып жатат. Ал эми экинчи жагынан азыр малды кырк башка жеткирүү кыйын болууда. Былтыр бир боо чөп 250 сомдон башталбадыбы. Айылда мал кармагандардын деле катары азайып бара жатат. Токторбаевдин мыйзам долбооруна ылайык канча баш мал бар? Бул деле суроо жаратат. Чындап келгенде мен айтып эле келе жатам, кыргыз бийлиги салыктын түрүн эле киргизе бербей, ага Токторбаев кошумча болбой, жаратмандык менен иш орундарын түзүп, ишкердикти өнүктүрүү менен иш алып барышы керек».

Жогорку Кеңештин 3-ноябрдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев фракциянын он мүнөттүк мөөнөтүн сурап, трибунадан малга салык салууну биринчи жолу сунуштап, коомчулуктун талкуусуна кабылган.

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына ылайык, өлкөдө 6 млн 200 миң 961 кой-эчки, 1 млн 783 миң 469 бодо мал жана 533 миң 79 жылкы бар. Ал эми эл ичинде малдын саны болжолдо расмий маалыматтардан 30%га ашык экени айтылып келет.

Өз кезегинде малдын көбөйүшү пайдалуу өсүмдүктөрдүн түрү азайтып, жайыттардын тарышына, жердин такырайышына жеткирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM