Биз менен байланышыңыз

Миң-Куштагы уран калдыктарын рекультивациялоого жергиликтүүлөр каршы болууда

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 426 | 0

Миң-Куштагы уран калдыктарын рекультивациялоого жергиликтүү тургундар каршы болууда. 22-майда аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жыйын өткөрүп, ага тийиштүү министрлер, «Росатомдун» өкүлдөрү, Нарын облусунун, Жумгал районунун жетекчилиги, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана аймактын активисттери катышты.

Белгилей кетсек, 2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп «Росатом» мамлекеттик корпорациясы дайындалган. Алар программанын алкагында өлкөдөгү Кажы-Сай, Туюк-Суу, Миң-Куш уран калдыктары сакталган жайдан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзүп баштаган.

Жыйында жергиликтүүлөр уран калдыктары герметикалык унаалар менен эмес, ачык ташылып, талаптар жана нормалар сакталбай жатканын айтышты. Алар элдин саламаттыгына доо кетип жатканын кошумчалап, ташуу ишин токтотууну талап кылышты.

Активисттер жолдор чаңдап, жумушчуларга атайын кийим берилбегенин кошумчалады.

Бул айтылган дооматтарга «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын өкүлү Сергей Дерябин жооп берип, эгер жергиликтүүлөр рекультивация ишине каршы болсо, анда алар долбоорду токтотуп кетерин, чечим элдин өзүндө экенин белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өнөктөш мамлекеттерден калдыктарды тазалоо үчүн каражат кыйынчылык менен тартылып келингенин эске салды. Ал мындай долбоордон баш тартуу тарыхый чечим болорун белгилеп, анын алдында терең ойлонууга чакырды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев эл тарабынан айтылып жаткан дооматтар чечиле турган маселе экенин айтып, подрядчыларды кемчиликтерди жоюуга үндөдү. Эл өкүлү  маселеге чекит коюу үчүн тийиштүү бийлик органдары менен апта соңунда Миң-Кушка барып, элдик жыйын өткөрмөй болду.

Copyright © 2017 Maral FM