Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда электр чубалгылары орнотулат

Кыска кабар | 22 мая 2023 | 235 | 0

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Кытайдын ТВЕА компаниясы менен жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын куруу боюнча макулдашууга кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматта Кыргызстанда шамалдан, Күндөн электр энергиясын өндүрүүчү станциялар, ири ГЭСтер курулуп, электр энергиясы ички керектөөчүлөрдү толук камсыздагандан кийин Кыргыстандан Кытайга 220-500 кВт электр энергиясын кымбат баада экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылат.

Долбоордо «Датка-Кеминден» болжолдуу түрдө «Эркечтам» чек ара пунктуна чейин бир тармактуу 220-500 кВт аба чубалгы куруу, Нарын облусундагы «Ак-Кыядан» «Торугарт» чек ара бекетине чейин 220-500 кВ аба чубалгы куруу варианттары каралууда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 17-20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында жалпысынан 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM