Биз менен байланышыңыз

Аксыда сел 50 баш кой жана эки жылкыны агызып кетти

Кыска кабар | 21 мая 2023 | 449 | 0

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел 50 койду агызып, 50дөй үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

20-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Аксы районунун Авлетим, Кара-Суу, Кызыл-Туу  айыл аймактарында сел жүрүп, 48 турак жай жана 2 социалдык обьектинин короолорун сел суусу каптаган. Мындан сырткары ички чарбалык жолдорго да сел суулар өтүп кеткен.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн маалыматына караганда 50 баш койду жана 2 баш жылкыны сел агызып кеткен. Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, калыбына келтирүү иштери жана келтирилген чыгмдарды аныктоо жумуштары жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM