Биз менен байланышыңыз

22-майда көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 21 мая 2023 | 386 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-майга караган түнү Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бийик тоолуу райондордо, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM