Биз менен байланышыңыз

Ата-энесин карылар үйүнө таштагандарды жоопко тартуу сунушталды

Коом | 19 мая 2023 | 739 | 0

Жогорку Кеңештин депутат Тазабек Икрамов Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Демилге коомдук талкууга коюлду. Икрамов белгилегендей, социалдык мекемелерге ар кандай себептер менен барган карылардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Андыктан ал эмгекке жарамдуу балдарды ата-энесин багуу үчүн алимент төлөөгө милдеттендирүүнү сунуштады. Мыйзам долбооруна ылайык, ата-энесин кароодон баш тарткандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салынат. 

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренесине өзгөртүү киргизип, ата-энесин карылар үйүнө таштаган балдардын жоопкерчилигин күчөтүүнү демилгеледи.

Ал сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, ата-энесин карылар үйүнө таштаган мамлекеттик кызматкер жумушунан бошотулуп, ири өлчөмдө айып салынат.

«Эгер мамлекеттик кызматта иштесе, иштен алынат. Ошондой эле 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин бир жолку төлөм төлөйт. Бул деген 75 миңден жогору кетет. Аны сот аныктап, сот чечет. Бул жерде карылар үйүнө келип түшкөн ар бир адам тууралуу мекеменин жетекчиси милицияга кабар бериши керек. Андан соң милиция кызматкерлери келип, канча баласы бар, социалдык абалы кандай, ушуларды тактайт. Мындан сырткары кайсы жерден келгени, ким болгону тууралуу да такталат. Тактагандан кийин сотко жөнөтөт».

Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынса, ата-энесин карылар үйүнө таштагандар ай сайын муктаждыктарына жумшалган бир айлык акчасын төлөп турат.

«Карылар үйүндө бир адамга айына канча каражат кетерин сот аныктап, 75 миң сомдон жогору эсептеп чыгарып берет. Эгер баласынын колунда жок, жумушсуз болсо, алты айдан бир жылга чейин мамлекеттик жумушта иштетүү да каралган. Бул долбоор бүгүнкү күндө коомдук талкууда. Ар бир жаран өзүнүн сунушун берсе болот. Сунуштар менен толуктап, бул мыйзамды ишке киргизсек болот».

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, учурда өлкө боюнча министрликке караштуу 17 социалдык-стационардык мекеме бар. Анын бешөө — карылар жана майыптар үчүн жалпы типтеги коомдук имарат.

Министрликтин майыптыгы бар адамдарга жана улгайгандарга кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзаада Айдаралиева карылар үйүнө келгендер көбөйүп жатканын, бирок өтө чоң өсүш байкалбаганын белгиледи.

Ошондой эле карылар бул жайга кандай себептер менен келерине токтолду.

«2021-жылы өлкө боюнча карылар үйүндө 247 жаран бар болсо, 2022-жылдын жыйынтыгы менен улгайган жарандардын саны 259ду түздү. Учурда алардын саны 259. Ар кандай объективдүү жана субъективдүү себептер болушу мүмкүн. Мисалы, үй-бүлөлүк шартына жараша, кээ бирөөлөрүнүн балдары баш тартышат, айрымдардыкы бала-чакасы өтүп кеткен болот. Мындан тышкары башка себептер менен карылар үйүнө түшүп калган учурлар бар».

Министрликтин өкүлү карылар үйүнө келгендердин көбөйүшүнө жол бербөө максатында атайын чаралар көрүлүп турарын айтат.

«Президент Садыр Жапаровдун эң биринчи жарлыгы да бул боюнча чыккан. Биз жаштарды тарбиялап, улуу муунду сыйлаганды үйрөтүшүбүз керек. Ар бир карынын бакубат, жакшы жашоодо жашашына аракеттер көрүлүп жатат. Андан сырткары президенттин 2021-жылдын 6-декабрындагы жарлыгына ылайык, социалдык-стационардык мекемелерде жайгашкандардын тамак-ашына кеткен чыгымдардын акчалай ченемдери жогорулатылган. Мурда 100 сом болсо, 2022-жылдын 1-январынан тарта 200 сомго көбөйгөн».

Copyright © 2017 Maral FM