Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Кытайда кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 19 мая 2023 | 734 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен кызматташууга дилгир экенин Кытайдын Сиань шаарында өткөн «Борбор Азия – Кытай» саммитинде айтты.

«Биз Кытай жана Казакстан менен биргеликте мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ийгиликтүү аяктадык. Өзбекстан менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Азыр өзбек кесиптештерибиз менен чек араны демаркациялоо иштерин бүтүрүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Ушул эле багытта, достук жана ынак коңшулук духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз. Кыргызстан Кытай тараптын глобалдык коопсуздук боюнча демилгесин колдойт», — деди Жапаров.

Президент «Борбор Азия – Кытай» жаңы экономикалык диалогунун биргелешкен стратегиясын иштеп чыгуу;

-санариптик жана «жашыл» инфратүзүмдүн  байланышын өнүктүрүү;

-артыкчылыктуу «жашыл» инвестициялык долбоорлордун маалымат банкын түзүү;

көзөмөл-өткөрүү пункттарында айыл чарба жана азык-түлүк товарларын бажылык тариздөө үчүн «экспресс коридор» практикасын жайылтуу;

-«акылдуу» айыл чарба тармагында кызматташуу, сууну үнөмдөөчү, «жашыл» жана жогорку натыйжалуу технологияларды ишке киргизүү боюнча тажрыйба алмашууну сунуштады.

Мындан тышкары энергетика тармагындагы кызматташууларга да даяр экенн белгиледи.

«Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын дээрлик бардыгы гидроэнергетикадан алынгандыктан, ал «жашыл энергия» болуп саналат. Биз азырынча энергетикалык дараметибиздин 13%га жакынын гана ишке киргиздик. Мындай маанилүү тармакты өнүктүрүү үчүн өлкөбүзгө чет элдик инвестициялар зарыл. Биз бул чөйрөдө тыгыз кызматташууга даярбыз. Чет элдик компанияларды Кыргызстандагы чакан жана орто ГЭСтерди, энергиянын кошумча булактарын курууга катышуусун карап көрүүсүн сунуштайбыз. Электр энергиябызды калкынын саны 2 миллиарддан ашкан өлкөлөргө жеткире  аларыбызды эске алсак, биз бүтүндөй регион үчүн материалдык гана эмес, экологиялык жактан да чоң дивиденддерди алат. Бул багытта энергетиканы өнүктүрүү боюнча «Борбор Азия – Кытай» өнөктөштүк мамилелерин түзүү идеясын колдойбуз», — деди ал.

19-майда «Борбор Азия – Кытай» мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгында Сиань декларациясы кабыл алынды.

Документке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM